Кечээ маалымат каражаттарына Кой-Таш менен Арашан айылынын тургундарынын президент Жээнбековго кайрылуусу жарыяланган. Анда, аталган айылдын эли бийликтен «кыргызстандыктарды бөлүүнү, өлкөнү талкалоону токтотууну» талап кылышкан. Ошондой элге күч колдонгон операцияны жүргүзгөн күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин кызматтан алуу керектигин айтышкан.
Чүй облусунун губернатору Алтынбек Намазалиев тынч жаткан элдин атынан кайрылуу жазып акыбалды курчутууга кызыкдар башка күчтөр бар экенин билдирди.
«Элдин соцтармактарга билдирүү жазып, аны таратканга убактысы деле жок. Ар ким өз тирилиги менен алек. Эл бир гана нерсени — тынчтык менен стабилдүүлүктү каалайт», — дейт губернатор.
Аламүдүн районунун акими Марс Саккараев да эл учурда жаңы окуу жылына кызуу даярдык көрүп жатканын белгиледи. Айтымында, 7-8 -августтагы окуяга катышып калган айылдыктар тергөө амалдарынан өтүп жатышат, а калгандары баштагыдай эле оокатын өткөрүшүүдө.