Суббота, 23 ноября

Чек арада абал кооптуубу?

0

Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагындагы абал турукташып калды. Аталган облустун губернатору Акрам Мадумаров маалымат жыйынында чегара маселелери боюнча коңшу мамлекеттер менен дагы деле сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

«Өзбекстан жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөр үзгүлтүксүз болуп турат. Чегарага жакын жайгашкан айылдардын ынтымагын бекемдөө максатында маданий иш чараларды өткөрүүгө макулдаштык», — деди губернатор.

Айтымында, Баткен облусу менен Өзбекстандын чегарасынын жалпы узундугу 392, 98 чакырымды түзөт, анын 0,25 чакырымы макулдашыла элек. Ал эми Тажикстан менен чектешкен аймак 674 чакырымга жетет да, анын 312, 91 чакырымы азырынча такталбаган.

Баткен облусунун чегарага жакын жайгашкан аймактарында ушул жылдын эсебинен эле жети жолу чыр чыккан.

Акыркы жолу 22 -июлда Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары чатакташкан. Кесепетинен кыргыз тараптан 17 адам жабырланган. Анын 14үнө ок, үчөөнө таш тийген. Жабыркагандардын арасынан 13ү мамлекеттик чегара кызматынын жана милициянын кызматкерлери болгон.

Бул чатактан кийин эки өлкөнүн президенттерди Жээнбеков менен Рахмон алгач чыр чыккан чегара аймактарында жолугушуп, андан кийин сүйлөшүүлөрүн Чолпон-Атадан улантышкан.

Аталган чегара аймагында эки өлкөнүн тургундарынын ортосундагы келишпестик суу, жер жана жайыт маселелеринен улам чыгат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз