САЯСАТ.kg сайты ФЕТО (Фетхуллах Гюлен терористтик уюму) тууралуу макала жарыялады. Макаланын тексттин өзгөртүүсүз беребиз.
ФЕТО жана Фетхуллах Гүлендин таржымалы
Көрүнбөгөн армия
Акыркы мезгилде коомчулукта ФЕТО деген ат кеңири колдонулуп, бул уюмдун жана Фетхуллах Гүлендин айланасында кызуу талкуу болууда. Фетхуллах Гүлендин жолун жолдогондор канчалык бул маселе Түркиянын ички маселеси десе да, Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстанда да бул топ терең тамыр жайган.
ФЕТО деген ат кайдан чыккан?
ФЕТО – Фетхуллах Гүлен жана анын тарапташтары тарабынан негизделген уюм. Түркчөдөн которгондо “Фетхуллахчы террордук уюм” деп чечмеленет (Түркчөсү FETÖ – Fethullahçı Terör Örgütü). Бул уюмдун пайда болушу өткөн кылымдын 60-70-жылдарына барып такалат. Бул жылдары дин кызматкери катары таанымал болгон Фетхуллах Гүлен жана анын санаалаштары мына ушул учурлардан тартып эле келечекте өздөрүнүн ишине жарай турган балдарды мектептен баштап жогорку окуу жайга чейин тандап окутуп, ар түрдүү мамлекеттик кызматтарга орноштура башташкан. Алар маданият, спорт, билим берүү, экономика, бизнес, дин тармактарына, өзгөчө чалгын, аскер, сот жана прокуратура органдарында орун-очок алууга басым жасашып, бул жерлердеги маанилүү кызматтарга өздөрүнүн адамдарын алып келишкен. Бул туурасында бир убактары Гүлендин эң жакын санаалашы болгон Нуреттин Верен мындай дейт:
“1986-87-жылдары мамлекеттик кызматтарга жаңы орношо баштаган досторубуз 1995-жылдары жогорку чиндүү аскер адамы, аким, тергөөчү, сот, полиция башчысы сыяктуу жогорку кызматтарга келип калышкан эле. Мен алардын баарын тааныйт болчумун.”
Мына ошентип Гүлен тобу мамлекет ичиндеги мамлекетти же болбосо “параллель башкарууну” түзгөн. Муну менен алар мамлекеттик башкарууну өз колуна алууну, өлкөнүн тагдырын тээ баштан бери эле аларга колдоо көрсөтүп келген сырткы күчтөргө салып берүүнү көздөшкөн.
Мыйзам чегинде жана демократиялык жол менен эмес, жашыруун жана алдамчылык аркылуу бийликке жетүүнү каалаган Гүлен тобунун максаты ишке ашкан эмес. Алардын мындай ыплас максаттарынын ишке ашуусуна түрк бийлигинин бекем саясий эрки тоскоол болгон. Акырында бул топ Эрдоганды бийликтен кулатуунун жана башкарууну колго алуунун бирден-бир жолу катары мамлекеттик органдарга жайгаштырылган өздөрүнүн мүчөлөрүн колдонуу аркылуу төңкөрүш жасоого аракеттенишкен. Бирок алардын тилеги таш каап, мүдөөлөрү ишке ашкан эмес. “Хизмет кыймылы”, “Гүлен тобу”, “Гүлен жамааты” деп аталып келген бул уюм 248 адамдын жаны кыйылып, 2193 адам ар түрдүү жаракат алган бул төңкөрүш аракетинен кийин сот тарабынан Фетхуллахчы террордук уюм (FETÖ) жана Параллелдүү мамлекет түзүмү (PDY – Paralel Devlet Yapılanması) деп расмий түрдө жарыяланып, өлкөдөгү бардык иш-аракеттерине тыюу салынган.
Фетхуллах Гүлен ким?
Фетхуллах Гүлен 1941-жылдын 27-апрелинде Түркия Республикасынын Эрзурум облусунун Пасинлер районуна караштуу Коружук айылында туулган. Расмий маалыматтарда атасынын аты Рамиз, апасынын аты Рефиа деп көрсөтүлгөн. Атасы мечиттин имамы, апасы эч жерде иштеген эмес.
Фетхуллах Гүлен 1946-жылы туулган айылындагы башталгыч мектепке барган. 1949-жылы үй-бүлөсү башка айылга көчкөнү үчүн мектепте окубай калып, кийинчерээк сырттан окуп башталгыч мектепти бүткөндүгү тууралуу күбөлүк алган. Андан кийин мектепте дагы, жогорку окуу жайда дагы окуган эмес.
Ал эми диний билимди алгач атасы Рамизден, андан кийин жергиликтүү имам жана молдолордон алган.
1959-жылы Түркия Республикасынын Дин иштери боюнча башкармалыгына ишке кирип Эдирне облусундагы бир мечитте имамдын жардамчысы болуп иштей баштаган. 1961-1963-жылдары Искендерун шаарында аскердик кызматын өтөгөн. Аскерден келгенден кийин бир жылдай Эрзурумда жашаган Фетхуллах Гүлен ал жердеги Коммунизмге каршы күрөшүү бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Бул бирикме Американын Борбордук чалгын кызматынын (ЦРУ) колдоосу менен коммунисттик идеологияга каршы Түркиянын ар тарабында иш-аракет жүргүзгөн уюм болгон. Фетхуллах Гүлендин ЦРУ менен болгон байланышы мына ушул учурлардан тартып башталган жана ФЕТОнун пайдубалы да ушул убактарда түптөлгөн деген божомолдор бар.
Гүлен 1964-жылы кайра Эдирнеге келип, мечитке имам болуп ишке кирген. 1965-жылы Кыркларели облусунда, 1966-жылы Измирде ваиз (дин насаатчысы) болуп иштей баштаган. 1972-жылы Эдремитте, андан кийин Манисада ваиз болуп иштеген. Ошентип Түркиянын бир нече аймагында ваиздик кызматты аткарып, 1981-жылы Дин иштери боюнча башкармалыктагы ишинен кеткен. Буга карабастан андан кийинки убактарда да Түркиянын ар тарабын кыдырып, мечиттерде элге диний баяндарды айтып, өзүнүн тобуна тиешелүү газета, журналдарда макала жаза баштаган.
1990-жылдардан тартып бийлик башындагы кишилер менен байланышын күчөтө баштаган. Мисалы, Түркиянын ошол учурдагы президенти Тургут Өзал, премьер-министрлер Тансу Чиллер, Месут Йылмаз, Бүлент Эжевит менен бир нече жолу жолугушкан. Ошондой эле башка улуттардын жана диндердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөргөн. Булар тууралуу төмөндө кеңири маалымат берилет.
1999-жылдын февралында Анкара Ички коопсуздук кызматы Гүлен тобу боюнча отчет даярдаган. Отчетто Гүлендин “дин жөнүндөгү түшүнүгү кадимки диний билими бар адамдардын түшүнүгүнө дал келбегени, дайыма бийликтин коюн-колтугуна кирүү аракетинде болгону”, Гүлендин тарапташтарынын “Ички коопсуздук кызматынын дээрлик бардык бөлүмдөрүндөгү маанилүү орундарды ээлегени, ошондой эле армияда, чалгын кызматында, окуу жайларда жана сот органдарында да алардын тарапкерлеринин көп экени” айтылып, бул уюмга жогорку деңгээлде чара көрүлүшү керек экендиги белгиленген.
Бирок мындан көп өтпөй эле Фетхуллах Гүлен ден соолугуна байланыштуу деген шылтоо менен Америкага кетип, ошол учурдан бери Пенсильвания штатында жашайт.
Фетхуллах Гүлен Америкага кеткенден көп өтпөй эле өз тарапкерлерин “өздөрүн ачыкка чыгарбастан мамлекеттик кызматтардагы ордун сактоого, убак-сааты келгенге чейин чыдамкайлык менен күтүүгө” чакырган жашыруун кайрылуусу айрым телевизор каналдарында жарыяланып кеткен. Мындан улам ага “мамлекеттик түзүлүштү төңкөрүү үчүн мыйзамсыз уюм түзгөн” деген айып менен иш козголгон.
Фетхуллах Гүлендин адамдарды өзүнө тарта алганынын негизги себеби анын диний насааттарды көпчүлүк учурда көз жаш менен коштоп айтуусу болгон. Ошондуктан ал “ыйлаган имам” деген атка да конгон. Ыйлоо аркылуу адамдардын сезимин козгоп, аларды өзүнө тартууга аракет кылган. Албетте, жөн сүйлөгөн адамга караганда сөзүн ый, көз жаш менен айткан адамдын сөзү таасирдүү келип, уккан адамдын да мындай сөзгө ишенүү, ага жан тартып, айтканына моюн сунуу ыктымалы жогору болот эмеспи.
Фетхуллах Гүлен жана Нур жамааты
Нур жамааты (Нуржулар) – Саид Нурси (1876-1960) деген дин аалымынын окуусун жактаган жана XX кылымдын баш чендеринде пайда болгон кыймыл болуп эсептелинет. Нур жамаатынын негизги иш-аракети Саид Нурсинин “Рисале-и Нур” аттуу китептер жыйнагын окуп-түшүнүү жана аны башка адамдарга жеткирүү болуп саналат. Нуржулар бул иш-аракетти “ыйманга жана Куранга кызмат”, кыскача “кызмат” деп аташат.
Фетхуллах Гүлендин Нур жамааты менен байланышы 1957-жылдарга туура келет. Саид Нурсинин Мехмет Кыркынжы аттуу окуучусу аркылуу анын китептери менен таанышып, бул жамааттын сабактарына катыша баштаган. Бирок ал Саид Нурси менен эч качан жолугушкан эмес. Гүлен өз сөзүндө мунун себебин “улутчулдук сезими жол бербегени” менен түшүндүргөн. Себеби Саид Нурсинин улуту күрт болгон.
Фетхуллах Гүлен өзүнүн китептеринде жана баяндарында Саид Нурсинин сөздөрүнө, насааттарына орун бергени менен өзүн Нур жамаатынын мүчөсү катары көрбөйт жана алар менен байланышы жок экенин айтып келет. 2013-жылы Нур жамаатынын айрым таасирдүү кишилери ФЕТО менен пикирлери төп келбей турганын айтышкан. 2016-жылдын 15-июнунда ФЕТО тарабынан уюштурулуп, бирок ишке ашпай калган аскерий төңкөрүш аракетинен кийин Нур жамааты Гүлен тобун ачык сындап, алар менен эч кандай байланышы жок экенин белгилеген.
Фетхуллах Гүлендин жөөттөр менен мамилеси
Фетхуллах Гүлендин жөөттөр (еврейлер) менен өтө тыгыз байланышы бар. Жогоруда да айтылгандай расмий маалыматтарда апасынын аты Рефиа деп жазылган. Бирок Гүлен 1986-жылы паспорт алуу үчүн берген арызында апасынын атын “Рабин” деп көрсөткөн. Ал эми Рабин деген ат түрктөрдө эч кездешпейт. Жөөттөрдө кеңири колдонулган бул ысымдын мааниси “улуу” дегенди билдирет. Гүлендин апасы – Осмон мамлекетинин таасирдүү аскер адамы болгон Мехмет Шүкрү Пашанын (1857-1916) небереси болгон. Изилдөөлөргө караганда, Мехмет Шүкрү Пашанын ата-бабасы Түркияга Испаниядан көчүп келген жөөттөр болуп эсептелет. Демек, Фетхуллах Гүлендин апасы да жөөт болгон, чыныгы аты Рабин, ал эми расмий маалыматтарда болсо, Рефиа деп көрсөтүлгөн. Анын жөөттөр менен өзгөчө мамилесинин болушу да мына ушунда жатат. Ошондой эле Гүлен өз сөзүндө айрым жөөт жамааттары аны “өздөрүнүн куткаруучусу катары көрүшөрүн” айтканы да бар.
Төмөндө Гүленге жана анын тобунун күч алып, жайылышына колдоо көрсөткөн айрым таасирдүү жөөттөргө токтоло кетмекчибиз.
Мортон Абрамович (Morton Abramowitz) – Американын Анкарадагы муруңку элчиси, сионизмдин Түркия жана Жакыңкы чыгыш боюнча стратеги, теги жөөт. (Сионизм – дүйнө жүзүндөгү бардык жөөттөрдү ата-бабаларынын жерлерине кайтарып, жайгаштырууну көздөгөн улуттук идеология жана саясат.) Фетхуллах Гүленге АКШнын “жашыл картасын” (грин кард) берилүүсү үчүн Американын Ички коопсуздук департаментине кат жазган жана анын Америкага “пайдасы тие турган киши” экенине кепил болгон.
Абрахам Фоксман (Abraham Foxman) – Жөөттөрдүн Америкадагы Anti Defamation League (ADL) аттуу ири лобби уюшмасынын төрагасы. Фетхуллах Гүленди Вашингтондогу жогорку кызматтагы адамдар менен тааныштырган киши. Ошондой эле Гүлен менен Рим папасы II Иоанн Павелдин 1998-жылдагы жолугушуусун уюштурган киши катары таанымал.
Генри Барки (Henri Barkey) – Американын Мамлекеттик департаментинин мурунку эксперти, ЦРУ кызматкери, изилдөөчү, теги жөөт. Фетхуллах Гүлендин жакын санаалашы жана ФЕТОнун негизги максаттарынын бири болгон “мелүүн ислам” түшүнүгүн түптөгөндөрдүн бири. Түркияда болуп өткөн 2016-жылдын 15-июнундагы ийгиликсиз төңкөрүш аракетинин алдында Стамбулда ФЕТОнун айрым мүчөлөрү менен жашыруун чогулуш өткөргөнү жана төңкөрүш аракетин уютурууга катышы бар экени далилденген.
Грэм Фуллер (Graham Fuller) – Американын Борбордук чалгын кызматына караштуу (ЦРУ) Улуттук чалгын кеңешинин директорунун муруңку орун басары. Фетхуллах Гүлен менен өтө жакын мамиледе болгон жана ага Америкада жашап, иштөөгө уруксат берген “грин кардды” алууга жардам берген. Ошондой эле Грэм Фуллер Huffington Post деп аталган веб-сайтта жарыяланган бир макаласында “Фетхуллах Гүлен Американын Борбордук чалгын кызматынын (ЦРУ) колдоосу менен 1980-жылы Түркияда ишке ашкан аскерий төңкөрүштү жактаган” деп жазган. 1980-жылкы төңкөрүштүн натыйжасында 171 адам өлтүрүлүп, 650 миң киши камалып, 230 миң киши соттолгон, камакта жүз миңдеген киши ар түрдүү кыйноого кабылган, өлкөдөгү бардык саясий партиялар, профсоюз уюмдары жана фонддор жабылган.
Касым Гүлек (Kasım Gülek) – Фетхуллах Гүлендин жакын досу, Американын Борбордук чалгын кызматынын (ЦРУ) колдоосу менен негизделген Мун сектасынын Түркиядагы өкүлү. Гүлендин Касым Гүлек менен мамилеси 1960-жылдары башталган. Гүленди Мортон Абрамович менен тааныштырган жана анын ЦРУ менен байланышын камсыз кылган. Ошондой Фетхуллах Гүлен ал аркылуу 1967-жылы “Масон ложасына” мүчө болуп кабыл алынган.
Жогорудагы мисалдар ФЕТОнун Американын Борбордук чалгын кызматы (ЦРУ) менен тыгыз байланышы бар экенин ачык-айкын көрсөтүп турат. Global Research аттуу басылмада жарыяланган Уильям Энгдалдын (William Engdahl) изилдөөсүндө да 40 жылдан ашуун убакыттан бери ФЕТО менен ЦРУнун байланышы, кызматташтыгы бар экени айтылат. Бул изилдөөгө ылайык ЦРУ Орто Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдөгү абалды туруксуздаштыруу үчүн ФЕТОнун окуу жайларын кеңири колдонот жана агенттерин бул окуу жайларга мугалим катары жайгаштырып келет. Энгдалдын айтуусу боюнча, Гүлен тобу аркылуу Кыргызстан менен Өзбекстанга эле 130га жакын Борбордук чалгын кызматынын агенти келген.
Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримов Түркиянын мурунку президенти Сулейман Демирелге “Америка (ЦРУ) бул окуу жайларды Азиянын энергетикалык булактарын көзөмөлдөө, Орусия менен Кытайдын алдын тосуу менен өзүнүн аймактагы үстөмдүгүн бекемдөө үчүн колдоп келүүдө. Мунун далили – алардын бардык окуу жайларында англис тили мугалими болуп иштеген жашыл жана кызыл паспорту бар кишилер жүргөн. Америка, Англия жарандарынын бул окуу жайларда эмне иши бар? Булар кедей-кембагал балдарды окутуу үчүн ачылган эмес беле?” деп кайрылган. (Түркия парламентинин ФЕТОнун ишмердигин изилдөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиясынын жыйынтык отчету, 2017-ж., 155-б.). Ошентип Өзбекстан бийлиги Америкага кызмат кылды деп айыптап ФЕТОнун өлкөдөгү бардык окуу жайларын жапкан.
II Иоанн Павел (John Paul II) – Рим-католик чиркөөсүнүн 264-папасы. Фетхуллах Гүлен 1998-жылдын 9-февралында Ватиканда Рим папасы II Иоанн Павел (John Paul II) менен жолуккан. Жолугушууда “Папа VI Павелдин демилгеси менен башталган жана азыр да өз ишин улантып жаткан диндер аралык диалог иштери боюнча папалык кеңешке мүчө болуу үчүн бул жерге келдик. Бул миссиянын ишке ашышына тилектешпиз” — деп айткан Фетхуллах Гүлен “жашыруун кардинал” (кардинал — католиктик чиркөөдө жогорку наам) деген наам алган.
Фрэнсис Аринзе (Francis Arinze) – Диндер аралык диалог иштери боюнча папалык кеңештин жетекчиси, кардинал. Фетхуллах Гүлен 1998-жылы Фрэнсис Аринзе (Francis Arinze) менен да жолугушуп, анда Түркиянын Урфа шаарында христиандар менен мусулмандар үчүн орток сыйынуу жайын курууну сунуштаган.
Джон Джозеф О’Коннор (John Joseph O’Connor) – Нью-Йорктун архиепископу, кардинал. Фетхуллах Гүлен менен 1997-жылы Нью-Йорк шаарында жолугушкан Джон Джозеф О’Коннор “Батыш сизге өтө чоң үмүт артууда” деп айткан.
Ошондой эле Гүлен Константинаполь православ чиркөөсүнүн патриархы Варфолемей (Bartholomeos I) менен да тыгыз байланышта болгон. Варфолемей өз сөзүндө Фетхуллах Гүленди өтө жакшы көрөрүн да айткан.
Булак: