Пятница, 17 мая

Адил Абдилге асыла баштады

0

“2016-жылдын күзүндө УКМКнын ошол убактагы башчысы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен”фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянованы “Альфа Телеком” ЖАКтын 50 пайыз акциясын сатууга кызыкдар болгонун, аны Борбордук Америкадагы өлкө -Белизден алынган документтер далилдей турганын айтып, көрсөткөн. Бул жасалма документтер өлкөнүн башкы телеканалы – КТРКдан байма бай көрсөтүлгөн, а депутаттарга карата текшерүү башталган.
Кийинчерээк УКМК Белизден расмий документтерди албаганы белгилүү болгон.
Ошондо, Сегизбаев кызматтык абалынан пайдаланып, жогоруда аты аталган депутаттарды жаманатты кылуу ниетинде жалаа жабуу жана элементардуу көз боемочулук менен алектениптир.
Башкы прокуратурага Сегизбаевдин кылыгына юридикалык баа берип, андан кийин жоопкерчиликке тартуу өтүнүчүн келтирип, кайрылуу жолдодум.
Кайрылуумдун номери №34699”, — деп жазды Фейсбуктагы баракчасына жарандык активист Адил Турдукулов.
Адил Турдугулов мурдагы президент Атамбаевдин мамлекет башында отурган убагында оппозициялык маанайды карманган. Андан кийин Атамбаев менен Жээнбеков тиреши башталганда жарандык активист мурдагы президенттин таламын талашкан. Коомчулукта аны “акчага сатылганын” айткандар болгон. 7-8-августтагы окуядан кийин мурдагы президенттин жанында жүрүп, массалык башаламандыкты уюштурууга себепкер болгондордун баары суракка чакырылган. Бир гана Турдукуловго эч ким тийишпеген. Ошондо, эл арасын “Адил Турдукулов бийликтин тыңчысы болгон” деген имиш аралаган.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнбек Чотоновго тагылган айыптарды кечээ Жогорку сот жокко чыгарды. Иш кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жиберилди.
Текебаевдин эркиндикке чыгаары белгилүү болгондон кийин жарандык активисттин Сегизбаевди эстеп, анын жазаланышын күсөп баштаганы суроо туудурат.
Белгилей кетсек, Абдил Сегизбаев мурдагы президент Атамбаевдин кадры.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз