Депутат Ирина Карамушкина 8-октябрга чейин үй камагында калтырылды. Анын баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралды. Соттун токтому боюнча депутат саат 22.00дөн 06.00гө чейин үйүнөн чыга албайт.
Депутат айым Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүн күч түзүмдөрү курчаган маалда кызматкерлерди барымтага алууга катыштыгы болбогонун айтууда. Буга далил катары окуянын видеого түшкөн учурларын карап көрүүнү сунуштайт.
“Видеолордон менин эмне кылганымды көрүүгө болот. Көпчүлүк үйгө кирген кезде мен башка аялдар менен боз үйдө болгом. Анан мени үйгө чакырышты, сүйлөшүүлөр башталды го деп ойлоп бардым. Бирок үйдүн ичинде атайын бөлүктүн жоокерлерин топураган адамдар сабап жатышыптыр. Мен аларга сабагыла деп буйрук берген эмесмин”, — деди ал.
Карамушкина күбөдөн шектүүгө айланганын Башкы прокуратура билдирген.