Раиса Атамбаев күйөөсү менен жолугушууга уруксат сурады. Адвокат Сергей Слесаревдин айтымында, мурдагы президенттин акыбалы жакшы, кармоо шартына нааразычылыгы жок. Ал эми Раиса Атамбаеванын суранычына тергөө жооп кыла элек.
Өздүк булактардын маалыматына караганда, мурдагы президент учурда үч орундуу камерада отурат. Күн ысык убакта камеранын каалгасы ачылып коюлат жана кайтаруучулар каалга сыртында отурушат.
Кыйноолорго каршы улуттук борбор аларга Атамбаевдин өзүнөн, туугандарынан жана жакындарынан кандайдыр бир дат келип түшпөгөнүн билдиришти.
Атамбаев өзгөчө оор кылмыштарга айыпталууда – укук коргоо кызматтарына карата күч колдонууга, киши өлтүрүүгө, барымтага алууга, коррупцияга жана массалык башаламандыкты уюштурууга.