Суббота, 23 ноября

БУУ: Мьянмадагы сексуалдык зомбулук – этникалык азчылыкты коркутуу каражаты

0

Мьянмадагы аскерлер этникалык азчылыкка карата террорду ишке ашыруу, коркутуу жана жазалоо үчүн сексуалдык зомбулукту колдонушкан жана азыр да колдонушууда. Бул тууралуу БУУнун Мьянмадагы факттарды аныктоо боюнча Көз карандысыз эл аралык миссиясынын жаңы докладында айтылды.
“Сексуалдык замбулук – Мьянмадагы этникалык азчылыкты жалпылап жазалоо стратегиясынын атайылаган жана мыкты пландалган бөлүгү. Мяьнмадагы куралдуу күчтөрдүн аскерлери топ болушуп жөнөкөй жарандарды зордукташат, сексуалдык кордук бир гана аялдарга эмес, эркек кишилерге да жасалат”, — деп жазылган докладда.
Көз карандысыз миссиянын мүчөлөрү бул мыкаачы  тактика дагы деле Качин жана Шан штатында колдонулат деп эсептейт. Сексуалдык зомбулук 2017-жылы Аракан штатындагы аскер операциясын коштогон, жыйынтыгы жүз миңдеген этникалык жарандардын коңшу Бангладешке качып кетүүсүнө алып келген.
“Эл аралык коомчулук Мьянмадагы аскерлердин адамдарга жан чыдагыс оору жана кайгы келтиргени үчүн жоопкерчиликке тартылуусуна жетишүүсү керек”, — деп айтты Мяьнмадагы фактыларды аныктоо боюнча Эл аралык көз карандысыз миссиянын төрагасы Марзуки Дарусман.
Докладга зордуктоолордун көптөгөн окуялары, анын катарында топ болгондор жана башка кээде курмандыктын өлүмүнө алып келген сексуалдык кордуктардын түрлөрү документтештирилип тиркелген. Айылдардын биринде Мьянманын чалгындоо башкармалыгынын кызматкерлери эки кишини дырдай чечинип, бирин бири зордуктоого мажбурлашкан.
Докладдын авторлору Мянмадагы куралдуу күчтөрдүн аскерлери ушундай кылуу менен рохинжа улутунун өкүлдөрүн тукум курут кылууну көздөшкөнүн белгилешкен. Жоокерлер төрөй турган курактагы аялдар менен кыздарды зордукташкан, алардын бала жаратуучу органдарын жабыркатышкан, кош бойлуу аялдарды кордошкон. Эксперттер бул төбө чачты тик тургузган аракеттер аялдардын бала төрөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу максатында жасалган деп болжошот.
Доклад БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында айтылды. Анын авторлору Мьянманын аскерлеринин мындай аракеттери аскер кылмышы, адамзатка каршы жана геноцид актысындагы кылмыш катары квалификацияланышы керектигин белгилешет. Анын үстүнө Мьянманын өкмөтү айыптууларды жазалоого жана мындай мыкаачылыкты токтотууга эч кандай чара көргөн эмес.
Булардын баары докладдын авторлорунун пикиринде, бийлик этникалык азчылыкка таандык жарандык калкка келтирилген физикалык жана психикалык оорчулукка, кемсинтүүгө көз жумуп келгенин билдирет.
Миссия Аракандын түндүгүндө жайгашкан Качин жана Шан штатындагы сексуалдык зомбулукка дуушар болгон, же анын күбөсүнө айланган жүздөгөн адамдар менен баарлашкан. Көз карандысыз миссиянын мүчөсү Радхика Кумарасвами докладдын авторлору дүйнөгө Мьянмадагы эркектерге, балдарга карата сексуалдык зомбулук маселесин алгачкылардан болуп ачыктаганын белгиледи.
1970-жылдан баштап Мьянмадагы рохинжа –мусулмандары системалуу кол салууларга жана этникалык тазалоого туш болушууда. Ал жердеги жалпы саны эки миллионго жеткен мусулмандардын 80 пайызы коңшу өлкөлөрдөн баш калканч табышты.
Учурда Мьянмада 300 миң мусулман гана калды, алардын он миңи Бангладешке кетүүгө аракеттенишүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз