Понедельник, 25 ноября

Текебаев үч күндөн кийин эркиндикке чыгабы?

0

Адвокат Таалайгүл Токтакунова 29-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун баш коргоо бөгөт чарасы карааларын “Кyrgyz.news” сайтына билдирди. Айтымында, Текебаев менен Чотоновду боштондука чыгарып берүү өтүнүчү менен алар Биринчи май райондук сотуна кайрылышкан. Өтүнүч канааттандырылып, соттук отурум 29-август саат 14:00 коюлган.
Буга чейин Жогорку соттун Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарганына байланыштуу бул күнү бир гана алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси каралат.
Биринчи май райондук соту бул суроону карагандан кийин, жаңы жагдайлар боюнча эки айдын ичинде ишти кайрадан карап чыгышы керек болот.
Эскерте кетсек, Текебаев менен Чотонов орусиялык ишкер Леонид Маевскийден «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде кармалып, 2017-жылы сегиз жылдан түрмөгө кесилишкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз