Понедельник, 25 ноября

Тажикстан чегара чырына кыргызстандыктарды айыптоодо

0

24-августта Баткен облусундагы Тажикстан менен чектешкен аймакта чыккан чырга коңшу мамлекеттин Улуттук коопсуздук кызматы Кыргызстандын жарандарын жана аткаминерлерин айыптады.
Тажикстандын телеграф агенттигинде жазылган маалыматта: “Лейлек районундагы тактала элек аймакка Баткен облусунун ондогон тургундары май куюучу эки жай куруп башташкан. Жергиликтүү тургундардын мындай аракети эки өлкө ортосунда түзүлгөн келишимдерди бузду”, — деп айтылат.
Тажикстандын улуттук коопсуздук комитети , такталбаган аймактарда делимитация жана демаркация иштери аягына чыкмайынча курулуш иштери жүргүзүлбөшү керектигин белгилеген. Ошондой эле, Баткен облусунун тургундарын чегара чырын курчутууга атайын чагымчыл иштерди жасоого айыпташкан.
24-августта чыккан чыр Тажикстандын Исфара районунун тургундарынын Кыргызстанга караштуу аймакка курулуп жаткан жолго нааразы болгонунан пайда болгон. Мамлекеттик чегара кызматынын маалыматында, коңшу өлкөнүн тургундары кыргыз аймакка келип, таш ыргытышкан. Ал жерге барган чегарачылардын жана укук коргоо кызматынын кызматкерлеринин куралдарын тартып алууга аракеттенишкен. Мындан улам чегарачылар эскертүү иретинде абага эки ирет ок чыгарууга аргасыз болушкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз