Понедельник, 25 ноября

Садыр Жапаров уулунан айрылды

0

Абакта отурган мурдагы депутат Садыр Жапаровдун улуу баласы Дастан Садыр уулу 22-августта авто кырсыка кабылып, каза болду. Жарандык активист Мелис Аспеков кырсыктын чоо жайын өзүнүн фейсбуктагы баракчасына төмөнкүчө жазды:
“Садыр Жапаровдун улуу баласы Дастан кырсыкка учурады. 22-август күнү түнкү саат 22:00 чамасында жумуштан чыгып, үйүнө кетип бараткан учурда С. Э. аттуу адам жол эрежесин бузуп, сүзүп кеткен. Дастан Садыр уулу мотоцикл менен бара жаткан. Мотоциклден кулап түшкөндө С. Э. машинасын токтотуп калбастан унаасы менен Дастандын үстүнөн тебелеп өтүп кеткен. Мунун баары видео байкоого түшүп калган. Видео байкоодо көрүнүп тургандай С. Э. артында келе жаткан бир машинаны өткөрүп, удаа келе жаткан мотоциклге капталын тосуп берген. Бул жерде С. Э. Эки чийиндүү жерден «“разворот» жасап, жол эрежесин одоно бузганы көрүнүп турат. С. Э. бул кылмышын артка бурулуп кеткенге үлгүрүп калам го дегем, кечирим сурайм деп түшүндүрүүдө. Бул саясий заказ эмеспи деген версиялар текшерилип жатат. Дастан Садыр уулу номер 4-шаардык ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатып каза болду деп билдиришти жакындары. Дастан Садыр уулу 1992 жылы 14- августта туулган».
Жактоочу Шарабидин Токтосуновдун билдиришинче, ал Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын дарегине Садыр Жапаровду баласынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуусуна мүмкүнчүлүк берүү өтүнүч катын жолдогон.
“Бирок, азырынча ЖАМКдан эч кандай жооп келе элек”,- дейт Токтосунов.
Дастан Садыр уулунун жерге берүү зыйнаты 28-август күнү, Ысык Көл облусунун, Түп районунун Кең Суу айылында саат 11:00 дө болот. Айта кетсек, экс депутат Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында «Кумтөр» кени боюнча болгон нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. 2018-жылы июнь айында ал 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Садыр Жапаров абакта отурган бул жалдары анын апасы, атасы эми баласы жарык дүйнө менен кош айтышышты.
“Кyrgyz.news” сайтынын жалпы жамааты Садыр Жапаровго жана анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат!

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз