Депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына “Спутник” маалымат агенттигине берген маегин жарыялады. Маекте депутат парламент ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар суроолорго ачык жооп берген. Биз айрым суроо-жоопторду кыргызчалаттык.
-Мен сиздин маегиңизди окуп, бир жагдайга туш болдум. 2008-жылы катардагы мамкызматкер болуп жүрүп, Жогорку Кеңешке депутат болуп бараарыңызды жарыялаганыңызда сизге баары күлгөн экен. Эмнеге экени да түшүнүктүү. Партиялык тизмедеги орун 100 миң доллардан 500 миң долларга чейин бааланат деп айтышат.
-100 миң? Сизде эски маалыматтар экен!
-Азыр депутат болуш үчүн канча төлөш керек?
-Биринчи ондуктагы орун 300 миң доллардан кем болбосо керек деп ойлойм. Ал эми эң жогоркусу талапкердин мүмкүнчүлүгүнө жараша. Эгер адам завод-кемелерге ээ болсо, анда баа да кымбат айтылат. Андан тышкары, коомчулукка белгисиз талапкерден миллионго деле жеткире сураштары мүмкүн.
-Депутаттар кийин бул акчаны кантип “кайтарып” алышат? Айлык акысы 40-50 миң сом, алар үчүн тыйын эле болсо керек?
-Адамдар ал жакка маяна үчүн барышпайт. Алар парламентке бизнестерин сактоо үчүн жутунушат. Бул бейпилдик үчүн төлөм деп кое бериңиздер. Депутаттар каалаган министрдин, ал турмак премьер-министрдин, өзгөчө каалоосу болсо президенттин да эшигин каккылай алаарын унутпаңыздар.
-Мен айрым депутаттар маянасын карап да коюшпайт деп уккан элем.
-Жок-жок, маянаны алышат. Жада калса долларлык миллионерлер да калтырышпайт. Биздин олигархтар ушунчалык ач көз чет өлкөгө иш сапарларына эл аралык уюмдардан акча сурашат. Ал адам эмнени кааласа ошого жетүүчү мүмкүнчүлүккө ээ, а бирок авиабилет үчүн байкуш кызматкерлерди кууратышат.
-Бирок, башка жагынан алып караганда, бардык депутаттар бирдей көрүнөт — мыкты машине минген, алтын саат тагынган абдан бай. Мамлекеттен маяна менен батир алыштын аларга эмне кереги бар?
-Менин кабинетимдин терезеси парламенттин автоунаа токтотуучу жайга карайт. Ал жакта 120 миң долларлык Жиптер турат, анан элге бардык депутаттар жомоктогудай бай сезилет да. Бирок, иш жүзүндө 120 депутаттын 30 чактысы катардагы жашоо менен жашайт.
Мисалы, мен Жогорку Кеңештеги 9 жылда капитал топтой албадым. Эч ким Бекешев уурдады деп айта албайт. Ушул эле тогуз жыл аралыгында менин көпчүлүк кесиптештерим байлыктарын он эсе көбөйтүп алышты.
-Депутаттык пост менен кантип акча тапса болот?
-Мисал келтирейин. Казиного тыюу салынган окуя эсиңиздерби? Алгач анын баарын кийин кайсы бир нерсеге тыюу салуу үчүн ойлонушпаганы тууралуу айтылып жүрөт. Бул соода болчу: “Же биз бул мыйзам долбоорун көтөрөбүз, же силер бизге кайсы бир сумманы төлөп бересиңер”. Мен ошол акчаны талап кылгандардан уккам, бирок албетте, далилдөө абдан кыйын.