Өмүрбек Текебаевге кайра депутаттык мандаты берилбейт. Бул тууралуу БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бегматов билдирди.
Айтымында, мыйзамда мандаты алынган депутатка аны кайра берүүнүн укуктук ченеми каралган эмес.
“Депутат мандатынан ажыратылгандан кийин кыска мөөнөттө чечимдин туура эмес болгонуна доо арыз менен сотко кайрыла алат. Сот эгер БШКнын чечимин мыйзамсыз деп тапса, анда мандаты кайтарылат. Мандат алынганга узак убакыт өткөн болсо, бул жааттагы арыздар каралбайт. Демек, мандат кайра берилбейт”, — деди Бегматов.
Буга дейре “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов: “Өмүрбек Текебаевге тагылган айыптар Жогорку сот тарабынан жокко чыгарылды. Эми Конституцияга ылайык ага депутаттык мандаты кайтарылышы керек”, — деген пикирин билдирген.
Жогорку сот Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароого Биринчи май райондук сотуна жиберди. Жакында саясатчынын адвокаттары баш коргоо бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен аталган райондук сотк кайрылышкан. Бул маселе боюнча сот отуруму 29-августка белгиленди.