Пятница, 22 ноября

Сүт тиштер – энелер эмнелерди билүүсү керек?

0

«Катуудан тиш, жумшактан ич оорубасын» дегендей эле, бөбөктөрдү тиш оорудан алыс кармап өстүрүүгө албетте, энелердин камкордугу керектелет. Бөбөктөрдүн бүйлөсүн жарып чыккан тиштеринин биринчи күнүнөн тартып кантип камкордукка алуу керектигин «Нурали» стоматологиялык борборунун жетекчиси, КР Эмгек сиңирген дарыгери Нурали Базарбаев айтып берди.

Коркуунун кереги жок

Баланын биринчи тиши алты айынан чыгат. Айрым балдар төрөлгөндө эле бир, же эки тиши менен төрөлсө, кээ бириники эки айынан баштап алгачкы тиши башбагат. Бирок, чоочулоонун кереги жок. Табият ушундай, эрте тиши чыккан балдардын сүт тиши эрте түшөт. Бала 14-16 жашка чыкканга чейин түбөлүк тиштери толугу менен чыгып бүтүшү керек.

Эненин ролу чоң

Баланын алгачкы тиши чыгаары менен энелер абдан көңүл бурушу зарыл. Алты айлык бала ңеткалап жуудурганга оозун ачып бербейт. Андыктан, күнүнө эки жолу, эртең менен жана уктаар алдында эне таза марлини туздуу сууга малып алып, баланын тишин сүртүп койсун. Бала чоңойгон сайын тиш пастасына өтүп, ңеткалап жууп, «Тишти убагында жуубаса микробдор чогулуп калат да, курт түшөт. Ал ашказанды, ичеги-карынды оорутат, баш ооруйт», — деп түшүндүрүп, көндүрүү керек. Баланы тишин жууганга кызыктыра турган кооз тиш ңеткалар, таттуу пасталар бар. Ошолорду пайдалануу туура болот. Бала беш жашка чыкканга чейин өз алдынча тишин жууп калышы кажет.

Тишти курт түшүүдөн сактоо

Таттуу азыктарды бербөө, же аз өлчөмдө берүү туура. Бала таттууну жебесе билбейт, а кокус бир-эки жолу жеп, даамын татып алса, анда артка жол жок. Таттуу жегенде ашказандан «соляная» кычкылы бөлүнүп чыгат. Тиштин ортолоруна кыпчылып калган азыктын калдыктары кычкылданып, шилекейге кошулат да, ашказандан чыккан кычкыл менен биргеликте кальцийди кубалашат. Кока-Кола суусундугу да кальцийди жууп салат. Бул тиштеги кариестин пайда болушун шарттайт. Бала таттууга көнүп калса, айла жок, анда таттуу азыкты жегенден кийин колуна алма, же сабиз карматып койгула. Бул «өзүн өзү тазалоону» жүргүзүп, тиштин кычыктарындагы азык калдыктарын алып чыгат.

Сода — тиш пастасынын ордуна

Эгер бала менен конокко барып, тиш ңеткасын алууну унутуп калсаңыз, такыр жуубай койгондон көрө сода менен чайкап коюңуз. 2-3 жаштагы балдар оозун суу менен чайкаганды билишпейт. Сода кошулган сууну жутуп алышы мүмкүн. Ошондуктан, кадимки эле аш содасын сууга кошуп, марли менен тишти жана бүйлөлөрдү абайлап аарчып салыңыз.

Түбөлүк тиштин саламаттыгы сүт тиштен көз каранды

Жаш балдардагы кариес биринчи маңдай тиштерден башталат. Балдарды жылына эки жолу стоматологго алып барып туруу керек. Биз кичинекей пациенттерге укол сайып, дарылай албайбыз. Андыктан, атайын жабдыктын жардамы менен алардын тиштерин жууп, артынан «күмүш пломба» салабыз. Күмүш пломба – кара түстө. Ал баланын тишин карайтып көрсөтөт. Бирок, кариестин тарап кетишинин алдын алып, тишти оорутпайт. Бул сүт тиш, түшөт деп кош көңүл кароо болбойт. Анткени, сүт тиш кандай болсо, түбөлүк тиш да ошондой акыбалда кармалат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз