Пятница, 22 ноября

Атамбаевдин жансакчысы прокуратурага чакырылды

0

Мурдагы президент Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасына чакырылды.
Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, Канат Сагымбаев чогуу иштеген кесиптеши менен бет келиштирип, суракка алынат. Буга дейре Сагымбаев менен анын кесиптешинин көрсөтмөлөрү эки башка чыккан.
“Экөө тең иште күбө катары өтүшүүдө. Тергөөнүн процедуралык суроолору болгондуктан Канат Сагымбаевди прокуратурага чакырышты”, — деди Замир Жоошев.
7-8-августта Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө күч түзүмдөрү чабуул жасашкан. Мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүшүп, анын негизинде башаламандык орун алып, 45 адам жабыркаган. Күч түзүмүнүн кыззматкери каза тапкан.
Алмазбек Атамбаевди сот 26-октябрга чейин абакта калтыруу чечимин кабыл алган. Ал учурда УКМКнын абагында.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз