Суббота, 23 ноября

Кайсы мугалимдердин айлык акысы жогорулайт?

0

Мугалимдердин айлык акысынын көтөрүлүшү Базистик окуу планы жана окуу программаларында бекитилген сааттардын санынын кыскартылышына алып келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги жана башталгыч жана орто адистик билим берүүдөгү окуу программмалары да өзгөрүүсүз калат.
Мектептердин 74, 7 миң мугалимдеринин, бала бакчалардын 7,6 миң тарбиячыларынын, атайын кесиптик окуу жайларынын 3,6 миң мастерлеринин, орто окуу жайларынын жана коллеждердин 7,4 миң окутуучуларынын маянасы жогорулайт. Ошондой эле билим берүүнүн калган тармагындагы (бардык билим берүү мекемелеринин административдик-башкаруу жаатындагы кызматкерлери, ийримдердин окутуучулары, методисттер, балдар үйүнүн жана мектеп-интернаттардын тарбиячылары) 23,3 миң кызматкерлерин да жогорулатылган айлык акы күтөт.
Жалпысынан билим берүү тармагынын 120 миң кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлык акысы ушул жылдын октябрь айынан тартып жогорулай турганын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз