Учурда абакта кармалып жаткан Атамбаевге жубайы Раиса жолугуп чыкты. Мурдагы президенттин адвокаты Сергей Слесаревдин маалыматына караганда, УКМК жубайлардын жолугушуусуна уруксат берген. Атамбаевдин башка жакындары, балдары азырынча жолугушуу сураныша элек. Процедурага ылайык, алар да мындай өтүнүч жолдошсо болот.
Слесарев жубайлар эмне тууралуу сүйлөшкөнүнөн кабары жоктугун айтты. Ал турмак, жолугушуу канча саатка созулганын да билбейт.
“Алмазбек Атамбаевдин абалы жакшы, ал камак шартына нааразы эмес. Эч нерсе сураган жок”, — дейт адвокат.
Сот Атамбаевди 26-октябрга чейин абакта калтыруу чечимин чыгарган. Мурдагы президент учурда УКМКнын абагында кармалууда. Ал бир катар оор кылмыштарга – укук коргоо кызматтарына күч колдонуу, барымтага алуу, киши өлтүрүү, массалык башаламандыкты уюштуруу жана коррупцияга шектелип жатат.