Суббота, 23 ноября

“Кыргызстан” банкы Бабановдукубу, же кимдики?

0

“Кыргызстан” акционердик коммерциялык банкы боюнча Бабанов ушуну менен экинчи жолу Финполицияга сурак берди. Буга дейре коомчулукта аталган банк көбүрөөк айтылып, чырдуу талаштарга да аралашкан. Кандайча коммерциялык банк экс-депутаттын энчисине тийген жана акционерлердин Бабановго болгон нааразычылыгы эмнеде?
“Кыргызстан” банкынын мурдагы кызматкери Замиргүл Коңурбаева банк менен алты жыл соттошкон. Ал Бабановдун кандайча банк ээсине айланып калганын ачыктаган. Анын айтуусу боюнча, банктын 30 пайыз акциясын Бабанов Аскар Салымбековдон сатып алган. Калган 60 пайызын Шарипа Садыбакасова саткан. 60 пайыз акциянын Бабановдун энчисине тийишине Коңурбаеванын да салымы болгон.
Бабанов банктын 30 пайыз акциясын сатып алганда Шарипа Садыбакасова анын үлүшүн азайтууга аракеттенген. Ал банк акциясынын 22 миллион сомдук кошумча эмиссиясы тууралуу жарыялаган. Бабанов жаңы акционер катары эч нерсе жасай алмак эмес, бул жерде мурдагы акционерлердин арызы керектелген.
Бабановдун өкүлдөрү Замира Коңурбаевага жардам сурап кайрылышкан. Алар андан өзүнүн атынан сотко арыз жазып, кошумча эмиссияны мыйзамсыз деп табуу талабын коюусун суранышкан. Ал үчүн банктагы кызмат абалын кайтарып берүүнү убадалашкан. Аял суранычты аткарган. Арыз жазып, иликтөө иштери жүргөн. Жыйынтыгында, кошумча эмиссия жокко чыгарылган. Кийинчерээк Шарипа Садыбакасова банктын жетекчилигинен кеткен, ордуна банктын толук кандуу кожоюну катары Бабанов отурган.
Бирок, Бабанов Коңурбаевага берген убадасын аткарган эмес. Бабановдун өзү да, өкүлдөрү да аялга мыйзамсыз иштен алуудагы компенсация жана кызматка кайра дайындоо маселелерин чечүүгө тынымсыз убада беришкен. Бирок акырында Коңурбаева сотко берип, сот кызматын кайра калыбына келтирүү боюнча чечим чыгарганда, алар бул иштин мөөнөтү өтүп кеткенин айтып, аткаруудан баш тартып коюшкан.
Банктын дагы бир акционери, укук коргоочу Калича Умуралиеванын айтымында, баары Бабанов банкка ээлик кылганга чейин жакшы болчу. Узак жылдан бери бери банк дивиденддерди үзгүлтүксүз төлөнүп келген. “Кыргызстан” банкы Өмүрбек Бабановдун колуна өткөндөн кийин төлөм жүргүзүлбөй калган.
“Мен 1998-жылы акционер болдум. Дивиденддер убагында төлөнчү. 2006-2007-жылы төлөнбөй калды. Банк жетекчилигине кайрылганыбызда банк оор абалда турганын айтышты. Албетте, бул жөн эле шылтоо. Банктын иши туруктуу жүрүп, миллиарддаган активдери бар”, — дейт Умуралиева.

Ушул жылдын апрель айында “Кыргызстан” банкынын акционерлери дивиденддердин төлөнбөгөнүнөн улам Кылмыш кодексинин эки беренеси боюнча (бири -рейдердик басып алуу) кылмыш ишин ачтырууга жетишишкен. Кылмыш ишинин алкагында Финполиция Өмүрбек Бабановдун жээни, банктын жетекчиси Жаныбек Мырзабаевди беш саат суракка алган.
Бул так эле Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүгө камынган учурга туш келген. Мындан улам экс-депутат мекенине кайтууга болгон биринчи аракетин токтоткон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз