Суббота, 23 ноября

Орун басары пара алганы үчүн кызматтан кеткен Калилов кайра келди

0

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын темир жол куруу жана долбоорлоо боюнча дирекциясынын башчысы болуп Жамшитбек Калилов дайындалды. Мындай маалыматты аталган ишкана таратты. Анда айтылгандай, тийиштүү буйрукка ишкананын директору Канатбек Абдыкеримов 21-августта кол койгон.
Буга чейин аталган дирекциянын башкарып келген Улан Куловдун кызмат абалы бир тепкич төмөндөп, Калиловдун орун басарына айланган.
Жамшитбек Калилов орун басары алган пара үчүн кызматтан кеткен биринчи министр. Ал 2016-18-жылдары транспорт жана жол министри болуп иштеген.
Орун басары Азимкан Жусубалиев жол куруу боюнча өткөн тендерде чет элдик компаниянын утуп чыгуусун камсыздоого убада берген жана компаниянын өкүлдөрүнөн 520 миң доллар сураган. Бул сумманын алгач 120 миң долларын алган, андан кийин 50 миңин алып жатканда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Калган сумманы бир жумадан кийин алаары алдын ала макулдашылганы кармалгандан кийин белгилүү болгон.
Орун басарынын паракорлугунун кесепети Жамшитбек Калиловго да тийген. Коомчулукта “орун басары эмне иш кылганын кантип эле министр билбей калсын?..” деген шектенүү курчуган. Коопсуздук кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун каарына калган. Мамлекет башчы орун басары өлкөнү бүт дүйнөгө уят кылса да, былк этпей отурган министрди жемелеген. Ушул окуядан кийин Калилов кызматтан өз эрки менен кетүүгө арызын жазган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз