ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун ден соолугу начарлап жатканы тууралуу сөздөр жүрүүдө. Ал турмак ага тез жардам кызматы биринин артынан экинчиси чакыртылып жатканын да айтышты. Айрым маалыматтарга таянсак, ал инфаркт болуу алдында экен.
Анын адвокаты Икрамидин Айткуловго мурдагы орун басардын акыбалын сурап кайрылганыбызда, ал баары жакшы экенин айтты. Коомчулукта айтылгандай Асановдун жүрөгүндө эч кандай маселе жок.
“Ушак кептер чындык эмес. Бардык эле адамдардын анча-мынча өнөкөт дарттары бар. Курсан Асанов деле ошол сыңары ооруп калышы мүмкүн, бирок өмүрүнө коркунуч келтирбейт”, — деди Айткулов.
7-8-августта мурдагы президент Атамбаевди кармоо операциясы учурунда Курсан Асанов сүйлөшүү жүргүзүп, Атамбаевди эпке келтирген.
13-августта ал “милициянын кызыкчылыгын сатканы жана ишенимди жоготкону үчүн” кызматынан алынган. Ал ИИМ башчысынын орун басары болуп 2011-жылдан тартып иштеген. Учурда Асановго карата кызматтык иликтөөлөр жүрүүдө.