“Адилет” укуктук клиникасынын юристтери 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяны талдап чыгышты. Алар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалуусу мыйзамды бузуу менен болгонун белгилешти. Бул боюнча президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдошту.
Укуктук клиника бул иште нейтралдуу позицияны карманаарына басым жасашкан.
“Биз А. Атамбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга чечкиндүү киришкен бийликтин позициясын колдойбуз. Аны менен катар бийликтин бардык аракети мыйзам чегинде болушун талап кылабыз”, — деп жазылган кайрылууда.
Юристтер Атамбаевди Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишке күбө катары мажбурлап алып келүүгө ИИМдин атайын бөлүгү эмес, УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгү тартылганы ушул кезге чейин түшүнүксүз болуп жатканын айтышкан.
Алар белгилешкендей, Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин иликтөөнү башынан эле ИИМдин тергөө кызматы жүргүзүп келген. Андан улам суракка келүүнү талап кылуу жана чакырык жеткирүү ички иштер кызматы тарабынан аткарылган.
“Мындай чараларды жүргүзүүдө ИИМ УКМК менен салыштырмалуу бир топ көбүрөөк күч жана ресурстарга ээ. ИИМдин карамагында ар кандай иш чараларды аткарууга, ошондой эле атайын операцияларды жүргүзүүчү атайын бөлүк бар.
Андан тышкары ИИМдин так ошол бөлүгү массалык башамаландыктарды токтотууга ылайыкталган жана бул максаттарды аткарууда тосмо, башты коргоочу кийим, желим дубинка өңдөнгөн өзгөчө буюмдар менен жабдылышкан”, — дешет аталган клиниканын юристтери.
Андан ары юристтер УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевдин 13-августта өткөргөн маалымат жыйынында айткан сөзүнө маани беришкен. Төрага “Альфа” терроризмге каршы жогорку квалификациялуу атайын бөлүк болуп саналаарын, андыктан чабуулга жана мурдагы президентти күч менен алып келүүгө тартылбашы керектигин айткан. Аны менен катар Опумбаев атайын бөлүктү тартууга мүмкүн болгон абалдын айрым пунктарын келтирген. Алар– 2015-жылдагы Бишкектин борборунда террористтерди жок кылуу атайын операциясы жана Жайыл районунда 2017-жылы болгон ушул эле сыяктуу операция.
“Бирок биз сөз кылып жаткан кырдаалда кеп Атамбаевди суракка күбө катары алып келүү жөнүндө болууда, бул терроризмге каршы операция эмес. Күч түзүмдөрүнүн жоопкерчиликсиз жана ойлонулбай кабыл алган чечиминин жыйынтыгында, “Альфа” атайын бөлүгүн Атамбаевди күч менен алып келүү операциясына кошуу бөлүктүн командиринин орун басарынын өлүмүнө, алты жоокердин барымтага алынуусуна жана бир далайынын сабалуусуна алып келди”, — деп белгилейт “Адилет” укуктук клиникасы.
Ошондой эле юристтер УКМК эмнеге мурдагы президентти кайтарган кызматкерлерин алдын ала чакырып алган эмес деп таң калууда. Устав боюнча жансакчылар объекти коргоо үчүн ок атуучу куралды колдонууга милдеттүү.
Юристтер Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүүнү сунуштаган жана бийликтен калыс тергөөнү камсыз кылууну талап кылышкан.