ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралды. Сот аны 13-октябрга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарды.
Эми соттун чечимине ылайык, мурдагы орун басары саат 22.00дөн 06.00гө чейин үйүнөн чыгууга укуксуз.
Асановду сотко кечээ, 27-августта кечинде алып келишти. Анын адвокаты Икрамидин Айткулов мурдагы орун басар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу кылмышына шектелип жатканы тууралуу кабарлоо алганын айтты.
Ал эми Асанов өзү тергөөнүн далилдерине макул эместигин жана сот акыйкат болооруна ишеним артаарын билдирди.
Курсан Асанов 2011-жылдан бери иштеп келаткан кызматынан 13-августта алынган. ИИМ мындай чечимин орун басар “милициянын кызыкчылыгын сатканы жана ишенимден чыкканы” менен түшүндүрдү. Бир нече күндөн кийин Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгогон.