Воскресенье, 24 ноября

Курман болгондон кийинки “Эрдик” медалы

0

Атамбаевди кармоо операциясында курман болгон Усенбек Ниязбековго “Эрдик” медалы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, тийиштүү жарлыкка бүгүн, 28-августта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Анда айтылгандай, “аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник Ниязбеков Усенбек Ниязбекович «Эрдик» медалы менен сыйланды (курман болгондон кийин)”.
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө күч түзүмдөрү 7-8-августта чабуул жасашкан. Бирок мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, кагылышуу орун алган. Башамаландыктан 45 адам жабыркаган, “Альфа” атайын бөлүктүн командиринин орун басары Усенбек Ниязбеков курман болгон. Ага тийген ок бронжилетин тешип өтүп, өпкөсүн жана жүрөгүн жабыркаткан. Убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн ички органдарына 3 литрге жакын кан толуп калганы да айтылган. Ниязбековдун өлүмүнө шектүү жакында кармалганы маалым болгон.
Маркумдун апасы Өктөм Мамаева акыркы сапарга узатуу зыйнатында “Атамбаевдей адам бул дүйнөгө экинчи жаралбасын!” – деген ачуу арманын билдирген.
“Уулум өмүр бою өлкөнүн тынчтыгы үчүн күрөштү. Африкада да иштеп, террористтерге каршы күрөшүп келген. Акырында келип биз алты жыл президентибиз деп, ишеним артып жүргөн Атамбаевдин колунан мерт болду. Атамбаевди өмүр бою каргап жүрүп өтөм”, — деген жоокердин апасы.
Усенбек Ниязбеков 46 жашында көз жумду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз