Бишкектеги маршруттук автоунаалардын айдоочулары жол кире наркын көтөрүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу жүргүнчү ташуучулардын Ассоциациясынын төрагасы Алтынбек Доспаев билдирди.
Айтымында, алардын эсеби боюнча жол кире наркын 18 -20 сомго чейин көтөрүү керек. анткени, айдоочу бардык милдеттүү төлөмдөргө (лицензия, камсыздандыруу, соцфонд ж.б.) ай сайын 20 миң сомдон көп каражат коротот.
Доспаев Кыргызстанды Казакстан менен Россияга салыштырып алды.
“Россия менен Казакстанда солярка бизге караганда арзан болсо да, жол кире наркы 30-50 рублга чейин бааланат. А бизде күйүүчү май сырттан алынып келинет. Биз ал турмак коомчулуктун нааразычылыгын жаратпаш үчүн өкмөт жол кирени жыл сайын бир сомдон жогорулатып турабыз десе да макулбуз. Азык-түлүктөр беш-он сомго кымбаттаса эч ким нааразы болбойт. А жол кире кымбаттайт десе эле баары нааразы болуп чыга келишет. Айдоочулар да аргасыз абалга кептелишти, бардык транспорттук кызматтар кымбаттады, автоунаанын тетиктери, оңдотуу кымбат. Күйүүчү майды айтпай эле коеюн. Айдоочулардын да үй-бүлөсү бар дегендей, аларды багышы керек”, — деди Алтынбек Доспаев.
Ал белгилегендей, учурда коомдук транспорттун айдоочулук курамында кыскартуу жүрүүдө. Шаарда буга дейре 5 миң маршрутка иштесе, азыр 2,5 миңи гана калды. Айтымында, дагы бир –эки жыл жол кире наркы азыркы бойдон кармалса, калган жүргүнчү ташуучу автоунаалар да токтойт. Ал эми автобустардын азыркы саны шаардын жүргүнчү агымына туруштук бере албайт.