Пятница, 3 мая

Ачуусун “Оптима Банктан” чыгарган кыз изделүүдө(видео)

0

8-августта мурдагы президент Атамбаев камалгандан кийин Бишкектин көчөлөрүндөгү башаламандык учурунда “Оптима Банктын” айнегин таш менен талкалай койгон кыз изделип жатат.
Бишкек ШИИБдин маалыматына караганда, 9-августта Биринчи май райондук ИИБге “Оптима Банктын” филиалынын өкүлү арыз менен кайрылган. Ал банк офисинин каалгасындагы айнекти таш менен талкалаган белгисиз кызга карата чара көрүүнү суранган.

Кыздын кылыгы башаламандык учурунда ал жердегилердин бири тарткан тасмага түшкөн. Ошондой эле банктын байкоочу камерасында да калган. Андан белгилүү болгондой, 8-августтан 9-августка караган түнү болжол менен 20-25 жаш курактагы белгисиз кыз Панфилов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аталган банктын филиалынын айнек каалгасын таш менен талкалаган.
Бишкек ШИИБ буга байланыштуу кызга издөө жарыялады. Анын болжолдуу боюу 160-170 см, салмагы 60-65 кг, чачы кара, көзү күрөң. Кызды тааныгандар болсо 0312 56 32 48, 0507 21 03 94 жана 102 телефон номерлерине чалып коюуну өтүнөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз