27-августта «Жуковский» аэропортунда МАКС-2019 авиасалону ишке түштү. Владимир Путин жана Режеп Тайип Эрдоган ачылыш аземине катышып, жаңы авияциялык техникаларды жана демонстациялык учууларды көргөн соң Путин Эрдоганды балмуздак менен сыйлады.
Владимир Путин жана Режеп Тайип Эрдоган жаңы Су-57 истребителди жана МС-21-300 жарандык учакты жана Ми-38 тик учагын көрүштү. «МАКС-2019» авиасалонунун ачылышында сөз сүйлөгөн Путин Түркия тараптын Россиянын авияциялык техникаларына кызыгуулары ашуусуна үмүт кылаарын билдирди.