Туура эки күндөн кийин кыргызстандыктар эгемендүүлүк күнүн белгилейт. 31-августта мамлекеттик деңгээлде майрамдык иш чаралар уюштурулуп, ал бүтүндөй республикада орун алат.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиргендей бул күнү негизги иш-чара Ала-Тоо аянтында белгиленип, ал эки бөлүктөн трат. Тагыраагы, саат 10:00 дөн 12:00 гө чейин шаардыктарга расмий куттуктоолор, театралдаштырылган көрсөтүүлөр менен концерт тартууланса, 20:00—22:00 чейин эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа жана соңунда салтка айланган фейрверк аттырылмакчы.
Бул күнү калаа жетекчилиги тургундардын коопсуздугуна кам көрүү максатында тез жардам кызматы менен өрт өчүрүүчү топ даярдалганын билдирди.
Ошондой эле, 30-августтан 2-сентябрга чейин милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп, коомдук тартипти кароого 1миң 800 кызматкер чыгат. Мындан тышкары бир катар негизги көчөлөрдө унаа кыймылдарына чектөө киргизилет.