ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун уулуна издөө жарыяланганын Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, 22 жаштагы Мухаммед-Али Асановду сырттан камакка алуу чечим чыккан. Ал кызматтык абалды кыянаттык менен пайдаланууга көмөктөш болгон деп айыпталууда.
Башкы прокуратура билдиргендей, 8-августта Курсан Асанов кылмыш иши боюнча олуттуу мааниге ээ буюм далилдерин, документтерди жана башка нерселерди мыйзамсыз өткөргөн. Анын баарын ал Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн алып чыккан. Курсан Асановдун айдоочусу Дамирбек Пайзылла уулу 8-августта саат 21.00 менен 21.15тин ортосунда КР ТИМдин имаратынын жанында башчысынын айтуусу менен жогоруда аталган буюмдарды Мухаммед-Али Асановго берген. Документтерди Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына беришкен. Бул кылмышка катыштыгы барлардын баары аныкталууда.
Курсан Асанов 13-августта кызматтан милициянын кызыкчылыгын сатканы жана ишенимден кеткени үчүн алынган. Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон. Анын негизинде айдоочу-жансакчысы Дамирбек Пайзылда уулу 23-августта кармалган. Асанов өзү үй камагына алынган.