Kyrgyz.news: Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билим берүү жана илим министрлигине ката кетиргендерди жоопкерчиликке тартып, китептердин сапатын жакшыртуу тапшырмасын берди. Өкмөт башчынын бул тапшырмасы, сын-пикири бир аз кечигип калган жокпу?
Каныбек Осмоналиев: Премьер-министрдин кечээги Өкмөт жыйынында биринчи жолу мектептин китептери боюнча көйгөй маселени ачык айтып чыкканын угуп отуруп таң калдым. Буга чейин министрге чаң жугузбай коргоп келбеди беле? Демек жаны кашайган экен! Маселе уламдан — улам оорлошуп бара жатканын түшүнүптүр. Айтты го: «Мен интернет аркылуу кечээтен бери эмне деген гана сөздөрду угуп жатам? … Бир китеп ката болду, эки китеп ката болду, аттестат ката болду … жетишет да туурабы?!” — деп. Билим берүү Академиясы боюнча дагы катуу айтты. Эми мунун баары туура. Премьерди колдошубуз керек. Анткени, мектептин окуу китептерин чыгарууда акча жасап көнүп калган шүдүңгүттөр чектен чыгып бара жатышат. Деги эле көздөрү тоё турган түрлөрү жок! 2011-жылдан бери канча айтып жүрдүк Жогорку Кеңеште карап, токтомдор менен «койгуладык». Башкы прокуратурага каттарды жаздык. Эч бир тыянак чыккан жок! Тескерисинче, жылдан-жылга абалды начарлатып отурушту. Жыйынтыгын, мына бүгүн премьер Абылгазиев чыгарды. Менин чочулаганым дагы эле кырдаал ошондой боюнча эле калат го? Анткени, бул жерде абдан чоң «мафиялык» күчтөр бар. Бир-бирин калкалап абалдарын оңдоп кетишпесе болду. Башкы прокуратура дагы илең-салаң карап коюмуш болуп эле жүрөт.
Kyrgyz.news: Өкмөттүн жыйынында министр Гүлмира Кудайбердиева китеп басып чыгаруу боюнча жаңы жобо иштелип чыкканын, эми негизги жоопкерчилик басмаканаларга жүктөлөрүн билдирди. Бул окуу куралдарындагы кетирилип жаткан ката маселесин чече алабы ?
Каныбек Осмоналиев: Мен министрдин жообуна таң калдым! Демек, бул айымдын ою боюнча ондогон жылдар бою китептер мыйзамсыз чыгарылып жүрүптүр да? Жоопкерчиликти басмаканага жүктөөнүн өзү — бул кыянаттык. Мамлекеттик жоопкерчиликтен качкандык. Ошол кантип болсун? Басмаканынын андай ресурсу жок да? Анын ага кереги да жок. Китептин сапатына министрлик өзү гана керт башы менен жооп берүүсү туура болот!
Kyrgyz.news: Мухаммедкалый Абылгазиев «Ар бир китепте билим берүү жана илим министринин колу турушу керек»-деди. Чын эле ушундай болушу кажетпи ?
Каныбек Осмоналиев: Премьер-министрдин сөзүнө мен толугу менен кошулам. Китепке министрликтин грифи эмне үчүн берилет? Ушул норма эле баарын тастыктап турат. Жоопкерчилик министрликте деген сөз! Анткени, Билим берүү жана илим минстрлиги — мамлекеттин билим, илим саясатын расмий жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органы!
Kyrgyz.news: Жаңы окуу жылынын башталаарына болгону эки күн калды. Бул тармакты жаңы деңгээлге көтөрүш үчүн конкреттүү кандай кадамдар жасалышы керек?
Каныбек Осмоналиев: Бардык кыргызстандыктарды жаңы окуу жылы менен кызуу куттуктаймын! Биз келечек жөнүндө айтып жатабыз. Демек, билим берүүгө эң биринчи көңүл буруубуз зарыл. Тилекке каршы, билим сапатын жакшырта албай келе жатабыз. Качанга чейин эле объективдүү себептерге жамынып жүрө беребиз? Болбодубу эми! Кептин баардыгы субъективдүү себептерде! Башка сөзүм жок!