2019-жылдын 7 жана 8-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүп, тиешелүү чечимге өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Бул туурасында өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирүү таратты.
Ага ылайык үстүбүздөгү жылдын 7 жана 8-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында, Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 8-августундагы № 3218-VI «2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн кол коюлган.
Мамлекеттик комиссияга бир айлык мөөнөттө кырдаалды иликтөө жана Жогорку Кеңешке маалымат берүү үчүн корутунду даярдоо тапшырылды.
Мамлекеттик комиссиянын курамы:
Разаков Жеңиш Парпиевич — Вице-премьер-министр, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы;
Райымкулов Бакытбек Кеңешбекович — Жогорку Кеңештин депутаты, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович — Жогорку Кеңештин депутаты (макулдашуу боюнча);
Бакчиев Жаныбек Абдукапарович — Жогорку Кеңештин депутаты (макулдашуу боюнча);
Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович — Жогорку Кеңештин депутаты (макулдашуу боюнча);
Мамытов Талант Турдумаматович — Жогорку Кеңештин депутаты (макулдашуу боюнча);
Субанбеков Бакирдин Жамалович — Жогорку Кеңештин депутаты (макулдашуу боюнча);
Шайназаров Тынчтык Урайимович — Жогорку Кеңештин депутаты (макулдашуу боюнча);
Араев Азамат
Муратович — Өкмөттүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
Абдысатаров Рысбек Курмангазиевич — Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын коопсуздук жана коргоо боюнча секторунун башчысы
(макулдашуу боюнча);
Джаманкулов Марат Тургунбаевич — Юстиция министри;
Намазалиев Алтынбек Абдисаламович — Өкмөтүнүн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Саккараев Марс Намарбекович — Чуй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким;
Асанкулов Бекболсун Сатаркулович — Чуй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысы (макулдашуу боюнча);
Медетбеков Артур Капарович — “Антитеррор-Альфа” ветерандардын коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Исаков Исмаил
Исакович — коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Кожоналиев Кубатбек Азатович — коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Турсунбек Акун — коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Мамасалиев Алишер Тургунбаевич — эксперт, коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).