Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнбек Чотонов үй камагына чыгарылды. Ал бардык тарапташтарын “Ата Мекен”партиясынын офисине соттун чечимин белгилөөгө чакырды.
“Соттор акыры акыйкат боло башташты. Мени колдогондордун баарына ырахмат”, — деди Текебаев.
Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карады. “Kyrgyz.newsтун” жеринде жүргөн кабарчысынын маалымдашынча соттук отурум жабык өттү. Ага Ата-Мекенчилердин тарапташтары менен, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок. Жактоочу Таалайгүл Токтакунова 29-августта бир гана Текебаев менен Чотоновдун баш коргоо бөгөт чарасы гана каралаарын, тагыраагы бул күнү сот аларды үй камагына алаарын, Кыргызстандын аймагынан башка жака чыкпоо чечимин чыгарып же, абакта калтыруу бүтүмүнө келээрин буга чейинки биздин сайтка берген маегинде айткан болчу. Эскерте кетсек, 21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу буга чейинки чыккан бардык чечимдерди жокко чыгарып, ишти райондук сотко кайра кароого жөнөткөн.