Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду үй камагына чыгышы менен куттуктап, бүгүнкү күндү “тарыхый күн” деп белгиледи.
-Силер бактылуу экенсиңер, — деди экс президент аларга кайрылып, — Жоро-жолдош, партиялаштарыңар эки жыл жети ай аркаңардан чуркап жүрүштү. Бири да бет буруп кетпеди, бири да сатпады. Азыр сүйүнгөнүбүздөн ыйлап отурабыз. Акыйкат бар экен. Бүгүнкү күн Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орду бар күн катары калат.
Отунбаева Кыргызстандан экинчи Сингапур болуп кетпесе да мындан ары акыйкаттуулук орногон система түзүлөөрүнө ишеним артаарын билдирди.
“Эки азамат кандай кырдаал болсо да баш ийишпеди, туруп беришти. Кыргызстанды экинчи Сингапур кылып салбасак да системаны күчтөндүрөлү, бийликти акыйкатка алып келели деп күрөштүк. Анын жыйынтыгы – бүгүнкү күн. Бул боштондук биз үчүн кымбатка турду”, — деди мурдагы президент.
Бүгүн Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду үй камагына чыгарды.