Понедельник, 25 ноября

Текебаев аялдарга өзгөчө ыраазы…

0

“Ата Мекен” партиясынын офисинин алдында Текебаев менен Чотоновдун үй камагына чыкканы белгиленип, алардын тарапташтары, айрым саясатчылар катышты.
Текебаев сөз сүйлөп жатып партиялашы Болот Шердин айтканын ачыкка чыгарды.
“Бир жолу партиядагы айымдар — Роза Исаковна, Асия Сасыкбаева, Аида Салянова, Наталья Никитенкого кошулуп жубайым Айгүл Болот Шердин үйүнө тойго барышыптыр. Ал жерде отурушканда Болот Шер мени сындап баштаптыр. “Текебаев адамдарды тандаганды билбейт! Мени укпайт!” – деп анан… узак паузадан кийин… “Бирок аялдарды тандаганда жаңылбаптыр!” – дегенин Айгүл мага жолугушууга барганда айтып берди эле”, — деген Текебаев айланасындагы айым жолдошторуна ыраазычылыгын билдирди.
“Чындыгында мен аялдарга өзгөчө ыраазымын, эркектер капа болбогула… ” – деди ал.
Бүгүн Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду үй камагына чыгарды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз