Атамбаевдин бийлигинин тушунда камакка алынган Текебаевдин үй камагына чыкканын кандай кабыл алууга болот? Үй камак – саясатчынын кырдаалында эркиндикке кепилдик катары. Эки жыл жети ай абакта жатып, адвокаттары тынымсыз аракет көргөнү менен муз ушул убакка чейин ордунан козголгон эмес эле.
Текебаев Атамбаевдин башында досу, андан кийин душманына айланганы баарына маалым. Достуктан душманчылыкка кеткен бир кадам саясатчынын темир тор артына кептелүүсүнө алып келген. Ал кийинки президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым суроодон баш тартып, эркиндикке чыкса акталып гана чыгаарын айткан. Бирок, адвокаттары тарабынан үстөккө – босток жазылган арыздар канааттандырылган эмес. 16-июлда Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кылмыш ишин кароо өтүнүчүн аткарууну кийинкиге жылдырган. 8-августта Атамбаев камакка алынды, ал эми 21-августта Текебаев менен Чотоновго буга чейинки тагылган айыптар жокко чыгарылып, ишти кайра кароо Биринчи май райондук сотуна берилди. Ал эми бүгүн саясатчылар үй камагына чыгарылышты.
Быйыл саясат жайы менен кайнады. Күздүн келиши саясий аптапты басаңдатпай эле ансайын күчөтөөрү болуп жаткан окуялардан белгилүү болгонсуду. Текебаевдин үй камагына чыгарылышы анын толук кандуу акталаарын аныктады. Жакынкы аралыктарда саясатчы өзү айткандай юридкалык жана саясий жактан толугу менен реабилитацияланып, саясат айдыңга бут таштайт. Бүгүн журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып сот иштерине соңуна чыккандан кийин мандат маселесине киришерин кыйытты. Борбордук шайлоо комиссиясы Текебаевдин кырдаалында убакыт өтүп кеткенин, ал эми мандатын кайтарып ала албашын айтканы менен алдыда кандай өзгөрүүлөр болуп кетээрин эч ким билбейт. Анын үстүнө Кыргызстанда болбойт деп так кесе ченелген эч нерсе жок. Бүгүнкү күнгө чейин болгон окуялар эч нерсеге эч убакта таң калбоо керектигин түшүндүрдү.
Атамбаев камакка алынганда айрым саясий серепчилер эми анын бийлигинин тушунда саясий туткунга айланган саясатчылар кезеги менен эркиндикке чыгаарын божомолдошкон. Текебаев да саясий жүйө менен камалгандардын баарына азаттык берүү керектигин айтты. Бул Атамбаевдин абакка отуруп, Текебаевдин чыгышы алдыда бизди күткөн окуялардын башталышы гана экенин айгинелегенсийт. Орундар алмашты, а саясий жүрүш өз нугунан жаңылбайт.