Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда бийлик үчүн күрөш жүрүп жатат жана так ушул каршылашуу мурдагы бийликтин чыныгы жүзүн ачты.
Мындай пикирин Өмүрбек Текебаев билдирди.
“Болуп жаткан окуялар кийинки бийлик эмнелерди жасабашы керектигин эскертти. Ошондой эле коңшу өлкөлөргө үлгү бердик. Президенттер алмашкандан кийин жасаган ишиң үчүн жоопкерчиликке тартылышың мүмкүн. Мына так ушул нерсе болуп жаткан окуялардын тарыхый мааниси”, — деди ал.
Текебаев үч жыл мурда Атамбаевдин абакка отураарын айтканын, бирок кайсы кылганы үчүн жоопкерчиликке тартылаарын так аныктай албаганын эске салды. Ал учурдун окуялары коомчулукка сабак болоорун, Сооронбай Жээнбековдун мындай саясий прецедентти түзүшү эң чоң жыйынтык экенин белгиледи.
“Дайым эле мындай боло бербейт, эски стереотиптер ураганда гана болот, ошондо тарых алмашат”, — деди Текебаев.
Ал Сооронбай Жээнбековдун тарыхта калчу салмагына басым жасады:
“Мен дагы, башка оппоненттер да, карапайым эл дагы Жээнбековдун президент болуп калаарын күткөн эмеспиз. Азыркы болуп жаткан окуялардын баарын мен, ал эмес, Сооронбай Жээнбеков жасап жатат. Муну эч ким жокко чыгарып, же бул окуялардагы анын салымын кичирейте албайт. Мүмкүн кимдир бирөөгө жакпай жаткандыр, же кимдир бирөөнүн кызыкчылыгына каршы келди, бирок тарыхты токтотуу мүмкүн эмес”, — деди “Ата -Мекен” партиясынын лидери.
Ошондой эле ал Атамбаевден өч алууну каалабай турганын жана анын саясий туткундардын катарын толукташына каршы экенин билдирди.