Понедельник, 25 ноября

Оштун вице-мэрин айыппул соолуктурабы?

0

Оштун вице-мэри Жасур Азимов кызуу абалында автоунааны башкарып баратканда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматкерлерге кабылган. Шаар бийлигиндеги экинчи адамдын андагы акыбалы видеого тартылып, интернетке тараган.
Окуя 24-августта болгон. Жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматкерлер жол эрежесин бузган автоунааны токтотушкан. Рулда вице-мэр кызуу абалында болгон. Ал Өзбекстандан келген конокторго шаардын борбордук бөлүгүн жана Лениндин эстелигин көрсөткөнү баратканын айткан. Ал кызматкерлерге каршылык көрсөткөн эмес, медициналык текшерүүгө өз эрки менен барган. А ал жакта анын мас абалында рулга отурганы тастыкталган.
Ош шаарынын аталган кызматы вице-мэрге 17 миң 500 сом айыппул салынганын билдирди. Мыйзамга ылайык, бир айдын ичинде төлөшү керек. Ал эми мэрияда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө башталды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз