Понедельник, 25 ноября

Курсан Асановдун изделип жаткан уулу Москвадагы институттун магистранты

0

Курсан Асановго карата ачылган кылмыш ишинин негизинде анын уулу Мухаммед-Али Асановго да издөө жарыяланган эле. Ал Москвадагы Эл аралык мамилелер мамлекеттик институтунун магистратурасына өткөнү белгилүү болду.
Июль айында Мухаммед-Али аталган окуу жайга негизги жана англис тили боюнча сынак тапшырып, кабыл алынган. Сентябрдан ал “Мамлекеттик башкаруу” жаатында билим ала башташы керек.
Анын аты-жөнүн аталган институттун кабыл алынган студенттердин тизмесин чыгарган сайттан табууга болот.
Мухаммед-Али Асанов буга дейре Бишкектеги Илим мектебин аяктап, андан кийин АКШдагы Массачусетса университетинде билимин тереңдеткени ачыкка чыкты. Андан сырткары спорт менен машыгат. 2018-жылы АКШда өткөн жиу-житсу боюнча эл аралык турнирде алтын медалга ээ болгон.
Аскер прокуратурасы Мухаммед-Али Асановго издөө жарыялаганын билдирген. Ал атасынын айдоочусунан Атамбаевдин үйүнөн чыгарылып кеткен буюмдарды алган деп шектелүүдө.
Курсан Асанов учурда үй камагында.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз