Пятница, 22 ноября

Бабанов суракка алынган кылмыш иштери

0

Өмүрбек Бабанов сегиз кылмыш ишинин негизинде сурак берип жатканын билдирди. Айтымында, төрт иш УКМКга караса, дагы төрт иш боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка сурак берүүдө. Тергөөнүн сырын ачыкка чыгарбоо боюнча тил катка кол койгондуктан сурак эмне жөнүндө болуп жатканын ачык айтпады.
Бабановдун айтканын Финполиция да тастыктады. Мекеме экс-депутаттын бир нече кылмыш иштери боюнча күбө катары сурак берип жатканын билдирди. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин негизинде ал суракка тез-тезден чакырылат. Жазык Жазык-процессуалдык мыйзамдарына ылайык тергөөнүн жүрүшү ачык жарыяланбайт.
УКМК Өмүрбек Бабанов кайсы төрт кылмыш ишине күбө болгонун ачыктаган жок. Бул коопсуздук кызматы белгилегендей “тергөөнүн кызыкчылыгы”.
Бабанов Москвадан Кыргызстанга 9-августта кайтып келген. Бир нече күндөн кийин Финполго суракка чакырылган. Андан кийин УКМКга барып сурак берип чыккан.
Ага байланышкан кылмыш иштеринин коомчулукка белгилүү болгону азырынча үчөө. Бири “Кыргызстан” акционердик коммерциялык банкынын ишмердүүлүгү тууралуу, бул кылмыш иши Финполго карайт. Экинчиси 2017-жылдагы президенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда Оштун Амир-Темур кичирайонундагы шайлоочулар менен жолугушуп жаткандагы сүйлөгөн сөзү “улуттар аралык каршылашууга чакырык” катары бааланган. Бул иш боюнча тергөөнү УКМК жүргүзүүдө. Дагы бир кылмыш иши да УКМКга карайт, ал — “бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү”.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз