Суббота, 4 мая

Атамбаевдин доочулары азайды

0

Бекболот Талгарбеков Атамбаевге каршы берген доо арызын кайра артка алды. Ал мурдагы президентти ар-намысыма шек келтирди деп айыптаган.
Саясатчынын уулу Арстанбек Талгарбеков билдиргендей, Бекболот Талгарбеков мурдагы президенттен 17 миллион сом өндүрүп алууну жана жыл сайын миллион сомдон төлөтүүнү ниеттенген. Ошондой эле, жалган жалаа жапканы үчүн Атамбаевден кечирим сураткысы келген. Бирок мурдагы президенттин камалышы, ага бир катар оор беренелердин тагылышы саясатчынын бул оюнан кайтарды.
“Ал азыр УКМКнын абагында жатат. Бир катар кылмыш ишинин фигурантына айланды. Андыктан аны менен жарандык негизде соттошкубуз келбейт. “Жыгылган адамды сабабайт” дейт. Атамбаевдин соту ачык-айкын болуп, эл ал жасаган кылмыштардын баарынан кабардар болот деп үмүттөнөбүз”, — деди Арстанбек Талгарбеков.
Бекболот Талгарбеков Атамбаевдин бийлигинин тушунда “Элдик парламент” кыймылын түзүп, бийликке ачуу сындарды айта баштаганда камакка алынган. Ага оор беренелердин бири – “бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” боюнча айып тагылган. Сот Талгарбековду 14 жылга соттоп, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөнү өкүм кылган.
Ушул жылдын 7-мартында Аламүдүн райондук сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулган.
Буга дейре экс-акыйкатчы Турсунбек Акун да Атамбаевдин үстүнөн жазган доо арызынан баш тарткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз