Среда, 24 апреля

Түркияда жашаган Барпы “басмачынын” уулу менен маек

0

Учурда Түркия мамлекетинин дээрлик баардык шаарларында кыргыздарды кездештирүүгө болот. Көпчүлүгү эмгек мигранттары же студенттер. Ал эми Түркияда кокусунан кездешип калган айтылуу Барпы басмачынын уулу Абдулмажит атанын тагдыры такыр башкача. Абдулмажит ата жашы 90го таяп калган. Учурда Түркиянын Измир шаарында туруп, Швейцариядан жөлөк пул алып жашайт.

Биз сиздерге  XX кылымдын баштарында Кыргызстандан Кытайга, андан Индия, Пакистанга, андан ары Түркияга барып байыр алып калган  Абдулмежит Өзгөн менен Измир шаарындагы үйүндө болгон маекти сунуштамакчыбыз.

— Атаңыз Барпы басмачы тууралуу айтсаңыз?

— Ферганада орустарга (советтер, коммунистер) каршы басмачылардын күрөшүндө атам Парпи да чоң роль ойноптур. Ал азыркы Ош областынын Өзгөн аймагында атактуу, бай адам болуп, бир нече коргондору болуп, жанына кызматкерлерди алып, Кашкар, Анжиян, Ош сыяктуу шаарларында соода кылчу экен. Фергана өрөөнүндө орустардын (большевиктер), зордук менен басып алуусу башталганда өрөөндүн аттуу-баштуулары биригип орустарды чөлкөмдөн тазалап, мусулман өлкөсүн курабыз дешкен экен. Кийин буларды басмачылар деген ат тагып, элге жаман көргөзүшпөдүбү. Бир топ лидерлер, кор башылар, миң башылар 20- жылдардын башында эле жок болушкан. Атам Барпы өзгөндүк Жаныбек Казы, алайлык Ади Миңбашы, Али Паңсаттар менен 30-жылдарга чейин Өзгөн, Ош, Алай тарапта орустарга катуу каршылык көргөзүшкөн экен. Мурдатан Кашкарга өтүп соода кылып, ал жактан да уйгур аял алып, тыгыз байланышта болгондугу үчүн, атам 1930-жылы орустардын кысымы күчөгөнүнө байланыштуу бир топ корбашылар, үй-бүлөсү менен бирге Кашкарга өтүп кеткен экен.

-Сиз кайсыл жерде, качан төрөлгөнсүз?

— Мен өзүм качан төрөлгөнүмдү так билбеймин. Бирок атамдардын айтуусу боюнча, Кашкарга баргандан кийин төрөлгөн экем. Ошондо 1931-32-жылдар болсо керек. Азыр 87 жаштамын. Ошондо эсептегенде да ошол жылдарга барып калат. Атам Кашкарга барганда 5-6 жылдай ал жерде туруптур. Мен 4,5 жылымды Кашкарда өткөргөн экем. Бирок ал мезгилдер кичине болгондугум үчүн эч нерсени эстей албаймын.

-Кашкардан кийинки жашооңуздар кай жакта уланды?

-Кашкарга орустардан качып барганыбыз менен ал жердин да жергиликтүү элдери бизге жакшы жашоо көргөзбөй улам кол салып, талап-тоноп тургандыктан атам Барпы Индияга жол тартыптыр. Ал убакта Индия менен Пакистан бөлүнө элек болуп, жалпы эле Индия деп аталчу. Кашкардан 120 кыргыз жолго чыккан экен. Биздин үй-бүлөдө мен жана эки агам, апам элек. Бирок жолдо баратканда Кашкардан Индияга өтөөр маалда  кыш болуп, тосулуп калгандыктан 7, 8 ай ошол жерде туруп калдык. Ал жерде апам дагы бир уул төрөп, анан сууктанбы же ооруданбы, айтор каза болуп калды. Жолдо өлгөндөр көп болду. Калгандары жол ачылгандан кийин Индияга (Пакистан) өтүп, Пакистандын ар кайсы шаарларына чачырап отурукташып калышкан экен. Атам биз болуп деңиз жээгиндеги Карачи шаарына келип туруп калдык. Ал жерде кыргыздар жок болгондуктан жалаң индиялык, пакистандык балдар менен ойноор элек. Бирок алар биздин сырткы көрүнүшүбүз башкача экенин билип, биз менен дайым урушуп турар эле. Айрымдары бизди урар эле.

-Пакистанда кантип тиричилик кылып, эмне менен жан бактыңар?

-Атам көп жыл үйлөнбөдү. Биз атам менен кошо 4 эркек үйдө турчубуз. Бут кийим тиккен дүкөн ачып, элдерден бут кийим алып тигип иштей баштадык. Андан башка да көп жумуш кылдым. Ошону менен бирге окууга да кирдим. Ал жерде урду тилин мыкты өздөштүрдүм. Менден чоң эки улуу агам бар эле. Аларды үйлөндүрүү үчүн Афганстандын Памирине жөнөдүк. Гилгит тарапка чейин машине менен барып, андан ары атчан, жөө-жалаңдап бийик тоолуу Памирге бардык. Памирде бир байдын эки кызын эки агама алып, бир жумадан кийин кайра кайтканбыз. Мен жөө басып жүрүп буттарым шишип кеткен эле. Жеңелерим Пакистандын ысыгына чыдабай ооруп калды. Бириси оор эле. Бириси жашап кетти. Ошентип Карачи шаарында жашап чоңойдум. Кийин атам бир уйгур аялга үйлөнүп, андан эки балалуу болгон. Ападан жаш мезгилде ажырап калган үчүн, апа деген кандай болоорун билбептирмин. Уйгур аял алганда алгач тегеректеп, кучактап баарыбыз сүйүнгөнбүз. Бирок баары бир өгөй эне деген башка экен да, кийинчерээк бизге да өз мүнөзүн көргөзүп жүрдү.

-Түркия менен кантип таанышып, кантип келип калдыңыз?

-Карачи шаарында иштеп жүргөнүмдө биздин тилге жакын адамдар келип, Карачи шаарында айланып жүрүштү. Ал убакта мен 20 жаштарда болсом керек. Алар түрктөр экен. Түркиядан келишиптир. Пакистандагы Орто Азиялык түрктөрдү таап, алар менен сүйлөшө башташкан. Менин да эсимде, түрктөр ошол кездеги модалуу шорта, футболка кийип, көз айнектерди тагынып алышкан эле. Алар түрк тилдүү элдерди таап, аларга Түркияны пропагандалап жүрүшкөн. Стамбул шаары кооз экенин, түнү жарыктар, светтер жанып, көчөлөрү заңгырап, баардык тарап таза экендигин айтып, бизди Түркияга барып жашоого үндөшкөн. Ошентип бирин-экин Түркияга уйгур, казактардын кетип жатыптыр дегендерин угуп калдык. Карачи шаарындагы консулга барып катталдык. Алар бир даректерди жазып беришти. Ошол кагаздарды алып жолго даярдык көрө баштадым. Мен Карачи шаарында иштеп, көп акча тапкан элем. Акчаларымды мүшөккө салып алып, 1952-жылдардын аягында Карачиден кемеге түштүм. Көп жол жүргөндөн кийин Ирактын Басра шаарына келдик. Ал жерден Багдатка жол тарттык. Багдат шаарында бир айдай калдым. Жашоо кыйынга турбады. Ал жерде бизден биринчи келген уйгурлар бар экен. Анан көп арабдар түркчө билишет экен. Ирак мурда Осмон империясынын курамында болгондугу үчүн улуулар түркчө унутушпаптыр. Түшүнүшүп жаттык. Анан Багдаттан автобус Сирияга кетет дегенди угуп, отурдум ага. Автобус менен көп жол жүрүп Сириянын Дамаск (Шам) шаарына бардык. Ошондо Дамаск шаарынын көчөлөрү самын, шампун менен жуулчу эле. Шаардын тазалыгы, өнүккөндүгү мени суктандырган ошондо. Дамаск шаарында көпкө турбадык. Ал жерден Либанга өтүп, Бейрутта бир канча ай калдым. Бейруттан кайра автобус менен Сириянын Алеппо шаарына келдик. Ал жерден Түркиянын Хатай аймагына өтүп, биринчи жолу түрктү көрдүм. Пакистанда көргөн боюнча көрө элек элем. Биз чек арадан киргенден кийин эле биздин аты-жөнүбүз жазылып берилген экен. Бизди киргизишти. Бирок менин акчам көп болгондуктан,  өзүм эле жашап жүрдүм. Бир айдан кийин Түркиянын батыш тарабына жөнөдүм. Пакистанда консулдукта мага Измир шаарына баруу тууралуу жазылган кат бар экен. Мен ар жерге барганда тийешелүү адамдар катты көрүп, кийинки жолумду улоого жардам беришкен. 1953-жылы Автобус менен эки-үч күндө түнү Измир шаарына келип түштүм. Таксистке мурда жазылган мейманканынын адресин көргөзсөм туура эмес жерге таштап коюптур. Ошол жерден бир мейманканага кирип жайгаштым.

-Түркиянын жарандыгын алуу кыйынга турган жокпу, ал жакта сиздердин макамыңыздар кандай эле, качкынбы же кадимки көчүп келген жаран катарыбы?

-Измирге келгенден кийин эле мен туруктуу жашоого катталдым. Биз качкын катары макамыбыз жок эле. Дароо эле  Түркиянын жарандыгын алдым. Ал көп кыйынчылык туудурган жок. Анткени биздин аты-жөнүбүз, абалыбыз мурдатан белгилүү эле. Биз расмий түрдө фамилия алышыбыз керек болгон. Биз Кыргызстандын Өзгөн аймагынан болгондугубуз үчүн фамилиямды да Өзгөн деп алдым. Андан кийин Пакистандагы калган түркстандыктар көчүп келе башташты. 1954-жылы жолго чыгышып, 1955-жылы атамдар жана бир топ кишилер менен Түркияга келишип, алардын бир тобу Адана аймагына отурукташып калышкан. Атамдар болсо үй-бүлөсү менен Конья аймагына отурукташты. Кыргыздар келген уйгур, казактарга караганда аз болчубуз. Негизинен 4, 5 үй-бүлө эле келген. Ошентип  Түркиядагы жашообуз башталган. Түркиянын армиясында кызмат өтөдүм.

-Өзүңүдүн үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз?

Армиядан келгенден кийин иштеп жүрүп, бир түрк кыз менен тааныштым. Бир топ сүйлөшүп жүргөндөн кийин, ал кыздын алдына ата-энемди жиберип, алардын макулдугу менен биз үйлөндүк.  Андан 2 уул, 2 кыздуу болдум. Атам Барпы 1968-жылы каза болуп, Конья аймагында жерге берилди. Ал өмүрү өткүчө Кыргызстан, ата-бабамдын туулган жерин кайра көрсөм деген тилеги менен өтүп кетти. Бизге кошо жүргөн корбашылар тууралуу көп айтаар эле. Мен Измир, Конья жана башка шаарларында иштеп жүрүп, кийин үй-бүлөм менен Щвецияга барып, ал жакта көп жыл иштедик. Азыр да бала-чакам, аялым ошол жакта. Мен Щвециянын суугуна чыдабай кайра Түркияга баса бердим.

-Кыргызстанга барып келгендер болдубу?

-Ооба, Кыргызстанга ошол Союз мезгилинде эле бир агам атайын виза алып, 1970-жылдары барып келген. Кийин 80-жылдары да барып жүрүштү бир туугандарым. Менин бир тууганым “Азаттык” радиосунда иштегени үчүн Кыргызстан, кыргыздар тууралуу көп кабар айтып, кыргыздар менен байланышып турар эле. Мен Швецияга кеткениме байланыштуу, ал жакка ар кандай иштер менен барып калган кыргыздар менен жолугуп, тим эле төбөм көккө жетчү. Алар көбүнчө ырчылар, бийчилер, режисор, Айтматов сыяктуу үлкөн адамдар экен. Кыргызстан деген ушундай жүрөгүмдүн түпкүрүндө бир сезим дайым жашачу. Кийин Кыргызстан өз алдынча мамлекет болгондон кийин президент Аскар Акаев Түркияга келип, Измирде биз менен жолугушуп, кыргызга тиешелүү белектерди берип кетишкен. Биз да өз белектерибизди берип узаттык. Кийинчерээк Кыргызстанга бардым. Андан да Өзгөнгө атамдын айылына, конуштарына бардым. Бирок мен эч нерсе билбегендиктен, ошол жердеги айрым аксакалдардан сурадым, ошол мезгилде жаш болуп, бирок эстегендер бар экен. Атам курган коргондорду, бак-дарктарды, жерледи көргөзүп беришти. Бирок ал жерлер мамлекет тарабынан эбак бөлүнүп, коргондордун калдыктары гана калыптыр. Айрым туугандарыбызды да таптык. 2005-жылдары Кыргызстанга кайра барып, 5 жыл жашадым, Ош шаарында. Арада Түркияга келип-кетип турдум. Бирок ал жерде да тура албадым. Кайра жыйыштырып, Измир шаарына өз үйүмө кайра келгемин.

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат

Маектешкен Дастан Разак уулу.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз