Суббота, 4 мая

Centerra Gold компаниясынан түшкөн акча кайда кетет?

0

Centerra Gold компаниясы геологиялык чалгындоого 24 миллион доллар бөлдү. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААКсынын башчысы Алмазбек Алимбеков бүгүн маалымат жыйынында билдирди.
Айтымында, кыргыз өкмөтү “Кумтөр”алтын кени дагы 5-6 жылга иштеп берет деп үмүттөнөт.
“Акча өлкөдө калсын деп геологиялык чалгындоого жергиликтүү компанияларды тарттык. Кен дагы 5-6 жыл иштеп берсе, акча булактары 2032-жылга чейин сакталат”, — деди ал.
26-августта Centerra Gold компаниясы менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы стратегиялык келишим күчүнө кирген, бул алтын кендин иши соңуна чыкканга чейин өзгөртүлбөйт. Келишимде кыргыз тарапка акча түшүүлөрдүн көлөмү көбөйтүлгөн.
Алмазбек Алимбековдун айтымында, келишимди кыргыз тарапка пайдалуу кылып өзгөртүү өкмөткө оңой болгон эмес, узакка созулган сүйлөшүүлөр орун алган. Анын натыйжасында кыргыз өкмөтү акча түшүүлөрдү 150 миллион долларга көбөйттү.
Ал белгилегендей, айлана-чөйрөнү коргоо Фондуна 2017-жылы түзүлгөн келишим боюнча жыл сайын 2,7 миллион доллар акча которулган, азыр эми бул сумма 3,7 миллион долларга жетти. Учурда аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк Фонду түзүлдү, ага компания 2019-2020-жылдары 10 миллион доллар бөлөт. Андан тышкары, “Кумтөр Голд” Фондуна ай сайын жыйынды кирешенин 0,4 пайызы кетет. Бул акчалар өлкөнүн бардык аймактарын өнүктүрүүгө жумшалат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз