Пятница, 22 ноября

“Кумтөр” долбоорунда кыргызга ким чыккынчылык кылган?

0

Centerra Gold компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн жаңы келишим 26-августта күчүнө кирди. “Кумтөр” долбоору бир канча жылдан бери чырдын үстүндө келатат. Жогорку Кеңеш кенге байланышкан маселени бир нече ирет карап, кыргыз тараптын үлүшү кыскарып, кенди башкарууга катышпай калганын көтөргөн. Депутаттар бул маселе каралган пленардык жыйындарда өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн канадалык компанияга кандай талаптар коюлушу керектигин өкмөттүн кулагына кумдай куюшкан. Анткен менен жаңы түзүлгөн стратегиялык келишимде деле ал талаптар коюлбаганы белгилүү болду.
Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков Жогорку Кеңеш Кыргызстандын долбоордогу үлүшү алгач 66,7 пайыздан башталып, кийинчерээк 33 пайызга түшкөнүн айтат. Ал белгилегендей, парламент ошол баштапкы пайызды ордуна алып келүү үчүн маселе көтөргөн.
“Рестуруктуризацияланып жатканда Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасы колдоого алган эмес. Бирок ага карабай өтүп кеткен. Эң баалуу заводду Centerra Gold 100 пайыз өзүнө каратып алган. Келишим 2008-жылы да кайра түзүлдү, анда деле кыргыз тараптын кызыкчылыгы коюлбады, ал аз келгенсип экологиялык маселе да канадалык компаниянын колуна тийди. Акырында Кыргызстан “Кумтөргө” доомат айта албай тургандай чекке жетти”, — дейт Кадырбеков.
Европалык өнүктүрүү банкы ал келишимге корутунду берген жана анда экология маселесин компания Кыргызстан менен чогуу чечиши керек деп белгилеген. Кадырбеков ошол корутундудан кийин гана кыргызстандык мекеме-уюмдарга экологиялык мыйзам бузуулар үчүн компанияны сотко берүү мүмкүнчүлүгү тийгенин айтат.
“Сотко беришти, бирок биздин аргументибизге караганда доллардын аргументи күчтүүлүк кылды. Ага карабай бир нече миллиондогон суммадагы доо арыз берүүнү улантканбыз”, — деген коомдук ишмер чыккынчылык кайра эле кыргыздын арасынан чыкканына басым жасады.
“Сапар Исаков премьер-министр болоору менен келишимге кол койду. Биздин доо арыздарыбызды артка чакыртты. Доо арыз артка чакыртылгандан кийин Кылмыш жана Жарандык Кодекс боюнча сотко берүү болбой калды. Ошентип, доомат айтуу укугубуз жок болду”, — деди Кадырбеков.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз