Коомдук ишмер Арстанбек Алай: “адамдар Кудайды такта отурган карыган абышка катары элестетишет. Бул жаңылыштык, Кудай – материя эмес, ал улуу энергия, күч”, -дейт.
Маалымат жыйынын өткөргөн коомдук ишмер өзүн “Кудай”деп жарыялады.
“Адамдын тагдырын асмандын 7 кабатынан жана ата-бабалардын духунан турган Аалам чечет. 19-кылымдын башталышында Аалам күчтөрү жерге башка планеталыктарга окшошуп түшкөн. Алар адамзаттан ааламдык түшүнүк менен периште сыяктуу жашоону талап кылышкан. Эненин курсагында баланын духу Аалам энергиясынан жаралат. Бул энергиянын шарапаты менен адамдын денеси жашайт, акылы өөрчүйт. Анатомия астрологиядан түзүлгөн. Анатомия астрологиянын милдетин аткарыш керек”, — деди Арстан Алай.
Ал кыргыздарды Ааламдын өкүлдөрү деп билет. Ал эми өзүндө улуу энергия бар. Андыктан өзүн жаңы Кудай деп жарыялайт.
Жакында экс-депутат Турсунбай Бакир уулу Арстан Алай тууралуу пикирин айткан. Анын айткандары адамдардын диний түшүнүгүнө доо кетирээрин белгилеген.
“Мен Арстан Алайды өзүн өзү атап алган адам деп билем. Менин туугандарымдын баары Алайдан, а анын бул аймакка тиешеси жок. Ал өзүн эркекче алып жүрө албайт деп айтып калышат, калпакты чечип, жоолук салынып алсын. Элди өзүнө ыңгайлуу жакка бургусу келет, 21-кылымдын Алдаркөсөсү. Мен Кудайдын кулумун, а сен кимсиң? Кимдин чындыгы күчтүү экенин көрөбүз, баарыңарды Тарых музейине тапшырып берем, силердин ордуңар ошол жакта”, — деген Турсунбай Бакир уулу.