Пятница, 3 мая

Текебаев бийлик менен компромисске бардыбы?

0

Эгемендүүлүк майрамынын алдында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, элчилик кызматтарды аркалаган Дүйшөнкул Чотоновдун абактан эркиндикке чыгарылышы жалпы кыргызстандыктар үчүн болбосо да, бул эки саясатчылардын күйөрман-тарапкерлерине күтүлүп-күтүлбөгөн чоң белек болду.

Толук акталарынан күмөн жок

Тагыраагы, Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгаруу менен иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлдү.

Текебаев менен Чотонов такыр эле акталып, суудан таза, сүттөн ак болуп түрмөдөн чыгышкан жок. Болгону Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы соттуулугун жокко чыгарып, бөгөт чарасын өзгөртүү менен сот залынан бошотту. Эми сот процесси нөлдөн башталып каралат жана “соттолуучулар” мурдагыдай колдоруна кишен салынып, конвойдун коштоосунда эмес, ээн-эркин, жүздөгөн, балким миңдеген жандоочу тарапкерлеринин коштоосунда сот залына келишмекчи. Мындай жагдай аларга дем гана бербестен, судьяларга керек болсо психологиялык жактан үстөмдүк жүргүзүүгө шарт түзөрүндө шек жок. Бир чети саясатта чейрек кылымдан ашык алчы-таасын жеп калган, Кыргызстандагы баардык мыйзамдардын “атасы”, ал тургай эски бийликтин тушунда өзүнө айып коюлган беренелердин автору аталган Текебаев сүрдөнмөк турсун, ошол фемида өкүлдөрүн сүрдөтүп, жарга такап коёрун бөркүңүздөй көрө бериңиз.

Баарынан да Текебаев жана Чотоновдун орусиялык бизнесмен Леонид Маевскийден “Мегакомдун” көзөмөл пакетин алып берем деп бир миллион АКШ долларын алгандыгын эч ким далилдеп бере албайт. Биринчиден, ошол шылуун-шумпай Маевский башка бир алдамчылыгы үчүн өз өлкөсүндө соттолуп кеткендиги белгилүү. Экинчиден, эркиндикте жүрсө деле аны бульдозер менен сүйрөсөң деле Кыргызстанга келе койбостур. Демек, арыздануучу же жабырлануучу тараптын арызы эмес, өзү жок болгон соң, эми биздин сот кимди жоопко тармак эле.

Текебаевдин ошол 1 миллион долларды алган, албаганын бир Кудай, анан Текебаев менен Маевский гана билет. Бул жагы алардын абийирине гана калды. Анткен менен Текебаевдин “иши” эски бийликтин, тагыраагы тагдырдын тамашасы менен азыр өзү түрмөдө жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин буюртмасы менен жасалгандыгы көбүрөөк ынанарлык болчу. Себеби ошол учурда кийинки президенттик шайлоого өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүндө бирдей колдоого ээ болгон Текебаев каттуу даярдык көрүп калган. Андыктан Атамбаев жана анын командасы болочокто эгер бийликке келип калса, шору кайнап (ансыз деле кайнап атат деңизчи…) каларынан чочулап, “Маевский операциясын” таап чыгып, шайлоого жеткирбей камап тынбадыбы. Бул тууралуу алдын ала кабары бар же айрым маалыматтар боюнча, көзү ачык, төлгөчүлөрдүн айтканына көңүл бурган ал кездеги ЖК депутаты Текебаев Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Улан Исраилов ички иштер министри болуп дайындалып, парламентте ант бергенде “экзамен” алып, “Бийлик сага кандай тапшырма берди? Эң биричи мени камоо…”,- деп айткан болчу. 

Айтор орустар “жизнь бумеранг” демекчи, ушул 2-3 жылдын ичинде Кыргызстандын саясаты 180 градуска өзгөрүп, абактагылар эркиндикке чыгып, аны камаган бийликтегилер алды өлкө сыртына качууга үлгүрүп, Атамбаев баш болгон “аталыктары” абакка отуруп калышты. 

 “Баатырбы” же…

Аңгыча экс-президент Роза Отунбаева үй камагына чыккан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун абактан чыгышын тарыхый күн деп атап жиберди.

Роза апчебиз миңдеген күйөрмандары менен ондогон телекамералардын алдында: «Акыйкат келди, бар экен. Бүгүн Кыргызстандын саясий тарыхында өзүнчө көрүнүктүү күн болуп атат. Бүгүн ага баарыбыз күбө болуп жатабыз. Кырдаал канчалык кыйын болбосун эки азамат башын ийбей туруп беришти. Биз Сингапурдай жашап кетпейбиз, бирок биздин системаны күчтөндүрөлү, бийликти акыйкаттыкка алып келели деп баарыбыз күрөшүп жаттык. Азыркы күн — ошонун жыйынтыгы»,- деcе, легендарлуу парламенттин легендарлуу төрагасы Медеткан Шеримкулов Текебаев менен Чотоновго кайрылып, эч качан бирөөгө кек сактап, өч албоого чакырып:

 «Эки жылдан ашуун жаттыңар. Ар кандай пикирде, көз карашта болдуңар. Агаңар катары айтарым, эч убакта бирөөдөн өч алам деп аракет кылбагыла. Эч кимге теңелбегиле, силерге ким жамандык кылбасын, бут тоспосун, алардан бийик болгула. Кайран өмүрүңөр кетет. Жашыңар, акыл-эсиңер, ден соолугуңар ордунда турганда Кыргызстандын келечеги, мамлекеттүүлүк, элдин турмушун оңдоо, биримдигин чыңдоо аракетиңерден жазбагыла»,- деди (Azattyk.org).

Бул ортодо соц. тармактарда да Текебаев менен Чотоновдун үй камагына чыгарылышы кызуу талкууланып, алардын тарапкерлери акыйкаттык орногондугун, “ак ийилип, бирок сынбагандыгын”, жазышса, башкалар пара үчүн айыпталып камалган саясатчыларды “баатырга” теңөө аша чапкандык экендигин, демейде сырттан басып кирген жоону кайтара кууган эр азаматтар гана баатыр болууга акылуу экендигин аргумент келтирип, кыскасы, кызуу талаш-тартыш жүрүүдө.

Бийлик менен компромисске бардыбы?

А дейбизби же б дейбизби, эгер бийликтин, жеке президенттин макулдугу болбосо, бул эки саясатчынын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, мурдагы сот иши толук жокко чыгарылып, иш башынан башталбайт эле. Эгер жогор жактан түздөн-түз көрсөтмө же буйрук берилбесе, райоондук сот өзү эле мындай чечим чыгара тургандай, эки башы жоктур.

Ооба, Роза Отунбаева баш болгон, Абдыганы Эркебаев, Курманбек Эргешов сыяктуу азыркы кыргыз элиталары төш болуп, кычыраган кышта Текебаевди туулган күнү менен куттуктап, абакка топтошуп барышып, таазим кылып келишкен. Ошондо алар бийликке Текебаевди бошотуу, ишин кайра кароо талабын коюшуп, акыры максатына жетишти. Бирок алгач президент Жээнбеков мындай “ультиматум-талапка” ак да, көк да дебей койгон. Кийин Текебаев ооруп, Улуттук госпиталга жаткырылганда эле бул анын боштондукка чыгарынын алгачкы кадамы болгондугун, президент “добро” бергендигин билермандар айтып чыгышкан.

Эми Текебаев акталып, мойнундагы соттун сыйыртмактарынан толук бошонсо, анда келерки жылы боло турган парламенттик шайлоого, андан кийин президенттикке катыша алат жана жеңишке жетеринен күмөн жок.

Сыягы, азыркы бийлик жана президент Жээнбеков менен анын акыл кошчулары деле дагы төрт жылдан кийин бийлигин тапшырган соң эски дос Атамбаевдин кейпин кийип калбаса да, башка куугун-кысымга алынбаш үчүн кийинки бийлик ээлерине жол ачып жаткандай.

Экинчиден, күндөн-күнгө элдин социалдык абалы оорлоп, жумушсуздук көйгөйү күчөп, бюджеттин ички, сырткы карызы көбөйгөн сайын, бир чети Атамбаевдин тарапкерлери бир шылтоону пайдаланып, өлкөдө үчүнчү революция жасап жиберүү амалын издеп жатканда бийлик үчүн Текебаевдей элдин жарымына жагып, жарымына жакпаган саясатчыны бошотуп, өз тарабына алуудан, “жарым хандыкты” бөлүшүүдөн башка арга калбагандай…

Бир чети мындай деп айтууга Текебаевдин абактан чыгып эле үйүнө жетпей жатып жолдо  Жээнбековду мактап жибергендиги негиз түзүүдө. 

Ал Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда бийлик үчүн күрөш жүрүп жаткандыгын жана так ушул каршылашуу мурдагы бийликтин чыныгы жүзүн ачкандыгын билдирип:
“Мен дагы, башка оппоненттер да, карапайым эл дагы Жээнбековдун президент болуп калаарын күткөн эмеспиз. Азыркы болуп жаткан окуялардын баарын мен, ал эмес, Сооронбай Жээнбеков жасап жатат. Муну эч ким жокко чыгарып же бул окуялардагы анын салымын кичирейте албайт. Мүмкүн кимдир бирөөгө жакпай жаткандыр, же кимдир бирөөнүн кызыкчылыгына каршы келди, бирок тарыхты токтотуу мүмкүн эмес”, – деп түбөлүк оппозиционер, өмүрү президенттерди мактабаган Өмүкенин Жээнбеков тууралуу мактоо сөзү таң калган элдин оозун ого бетер ачып, бийлик тарапка өткөндүгүн билдирип койду…

Э. Белеков.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз