Воскресенье, 24 ноября

Ат-Башылыктардын бейтапканасы жаңырды

0

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты оңдоодон өткөрүлдү. Имараттын терезелери жана чатыры толугу менен алмаштырылды. Оңдоо иштерине жалпысынан 6,3 миллион сом кеткенин жана ага ТИКА (Түркиянын кызматташтык жана координация агенттиги) демөөрчүлүк кылганын Түркиянын Кыргызстандагы Элчилигинен билдиришти.
Медициналык мекеменин ачылыш аземи 1-сентябрда болду. Ага Түркиянын Кыргызстандагы Элчиси Женгиз Камил Фырат, Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Батырбеков жана ТИКА координатору Али Муслу сыяктуу кыргыз жана түрк тараптын өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, Түркия буга дейре да Кыргызстанга аймактарды өнүктүрүү долбоорлорунун алкагында калк турмушун жакшыртуу багытындагы көп аракеттерди ишке ашырган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз