Воскресенье, 24 ноября

Депутаттар ишке киришти

0

Бүгүн, 2-сентябрда парламенттин кезектеги VII сессиясы ачылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Спикер Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын башталышы менен кесиптештерин куттуктады.
Маалыматка караганда, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзамдын 44-беренесине ылайык, бүгүн-эртеӊ Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин жыйындары башталат.
Алтынчы чакырылыштагы парламент 2015-жылы шайланган, мөөнөтү 2020-жылы аяктайт. Анын VI сессиясы 27-июнда соңуна чыгып, депутаттар эки айлык тыныгуу алышкан. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышкан. Август айы мыйзамдуу түрдө эмгек өргүүсү болуп саналат.
Белгилей кетсек, КР Конституциясынын 77-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз