Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху еврей конушун Иордан дарыясынын басып алынган Батыш жээгине көчүрүүнү дагы бир ирет убада кылды.
Жаңы окуу жылынын башталышына карата премьер-министр Батыш Иоардандын түндүк-батышында жайгашкан Элкан конушундагы мектептердин бирине барды. Мектеп окуучулары менен аңгемелешүү учурунда Нетаньяху конушту көчүрүү убадасын кайталады. Премьер-министр бул убадасын биринчи жолу 9-апрелде парламенттик шайлоонун алдында айткан жана коомчулук аны ар түрдүү кабыл алган.
Израиль өкмөт башчысы 2005-жылы Газа секторундагы мыйзамсыз еврей конушу жабылаарын белгиледи. “Мындай нерсе кайра кайталанбайт. Израилдин эгемендүүлүгү бардык еврей конуштарына жетет”, — деди ал.
Израилдик маалымат каражаттары Нетаньяхунун бул сөзүн Кнессеттеги 17-сентябрда боло турчу кезексиз шайлоонун алдында шайлоочулардын өзүнүн тарабына өткөрүү аракети катары кабыл алышты.