Воскресенье, 24 ноября

Кенже окуучуларга айдоочулардан белек

0

Бүгүн, 2-сентябрь жаңы окуу жылынын алгачкы күнү. Маанилүү датага карата Бишкек жана Чүй облусунун кичиавтобустарынын айдоочуларынын кенже класстын окуучуларына белеги бар.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери Бишкек жана Чүй облусундагы кичиавтобустардын айдоочуларын чогултуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. ИИМдин маалыматына караганда, инспекторлор айдоочулардан жол эрежесин так сактоону, авариялык абалды жаратпоону, салон ичин таза кармап, жүргүнчүлөр менен сылык-сыпаа болууну суранышкан. Андан тышкары, инспекторлор айдоочуларга 2-сентябрда 1-3-класстын окуучуларын бекер ташууну сунушташкан.
Айдоочулар Билим күнүндө кенже окуучулардын жол кире албоого бир ооздон макул болушкан.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2019-2020-окуу жылында 156 миңден ашуун бала биринчи класстын босогосун аттады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз