Воскресенье, 24 ноября

Текебаев: Туурага туура деш керек

0

Текебаев Жалал-Абаддагы туулуп –өскөн айылы Акманга барды. Саясатчыны айылдаштары чогулуп күтүп турушкан. Ал отурган автоунаа дарбазадан киргенде чогулгандар “ураалап” кол чабышты.
Саясатчынын 88 жаштагы апасы кучак жайып тосуп алды. Уулунун башынан суу тегеретип, жаңы союлган койдун өпкөсүн чапты. Бул кыргыздын салтында “жамандыктын баары артта калды, алдыда жакшылыктар болсун” деген тилекти билдирет.
Айылдаштары менен сүйлөшүп жатып Текебаев эки жыл жети ай камерада жалгыз отурганына карабастан эч убакта өзүн жалгыз сезбегенин айтты. Ошондой эле саясатта жүргөнүнө жакында 30 жыл толоорун да эске салды.
“Мен сиздердин ишенимиңиздерди, колдооңуздарды сезип турдум. Ошондуктан өзүмдү жалгыз сезбедим. Бул апыртуу эмес, чындык. Сиздер мени 30 жыл мурун саясий айдыңга аттандырдыңыздар эле. Көпчүлүк Текебаевдин саясатта узакка кармалуусунун сыры эмнеде деп сурап калышат. Жооп жөнөкөй – ал сиздердин колдооңуздар, сиздер колдоп турганда мен бармын. Кайсы жерде болбойун, эл аралык трибунабы, же парламенттеби мен сиздерди уят кылбадым, дайыма татыктуу өкүл боло алдым”, — деди Текебаев.
Саясатчы мурдагы жана учурдагы президенттин каршылашуусу тууралуу да унутта калтырбады. Сооронбай Жээнбеков тууралуу жакшы пикир билдирип койгону үчүн айрымдардын сын-пикирине кабылганын да белгиледи.
“Абактан чыкканымдан кийин журналисттерге маек берип, учурдагы президент тууралуу жакшы айткам. Анан дароо Интернетте мени бийлик менен келишип алган деп башташты. Мен дагы бир ирет белгилегим келет, баары акыйкат, мыйзам чегинде чечилиши керек. Эгер президент туура иштерди жасап атса туура деп айткандан жалтактабашыбыз керек. Достор бийлик бөлүшө алышпады деп айтып жатышат, балким ал чын, бирок мени бул эмес, жыйынтык кызыктырат. Жыйынтыгында мурдагы президенттин мыйзамсыз аракеттери ачыкка чыкты, ал жоопкерчилик тартууга жакындап калды. Бул демек, Кыргызстанда хандык жок, баары мыйзам чегинде жооп берет дегенди билдирет. Жээнбеков өзүнүн аракеттери менен чоң жоопкерчиликти алды, эгер азыр мыйзамсыз иштерди жасаса, 4 жылдан кийин ал дагы мыйзам чегинде жооп берет”, — деди Текебаев.
Ошондой эле ал коррупция менен күрөшүп жүрүп, “коррупция” беренеси менен соттолгонуна жаны ачырын белгиледи. Айтымында, эгер “бийликти күч менен басып алууга” айыпталса, 20 жыл болсо да абакта отурууга даяр болчу.
Бул арада интернет колдонуучуларында түшүнбөстүк башталды. Айрымдан Текебаевдин үй камагына чыкса да аймактан аймакты кыдырып жүргөнүнө таң калышты. Мыйзамга ылайык, үй камагы бир аймактан экинчи аймакка чыгууга жол бербейт.
Саясатчынын адвокаты Таалайгүл Токтакунованын айтымында, Текебаев кичи мекенине барууга соттон кат жүзүндө уруксат алган. Демек, ал режимди бузган жок.
Текебаев менен Чотоновго байланышкан кылмыш иши 12-сентябрдан баштап кайра каралат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз