Понедельник, 25 ноября

Техастагы ок атышуудан 5 адам каза таап, 21 адам жабыркады

0

Америкалык Техас штатындагы ок атышуунун кесепетинен беш адам каза болуп, дагы 21 адам ар кандай жарааттарды алды. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазышкандай, окуя Мидленд жана Одесса шаарларынын ортосундагы соода борборлорунун биринде болгон.
«Алгач автонунаадагы куралчан адамдар жолдо бараткан жөө жүргүнчүлөргө ок чыгарышты»- деген маалымат таратылган. Кийинчерээк полиция кылмышкер жалгыз болгонун билдирген.
Одессанын полициясынын башчысы Майкл Герке беш чакты адам каза таап, дагы 21 адам жарадар болгонун тастыктаган. Ал эми Мидленд полициясынын Фейсбуктагы баракчасында кылмышкер тартип сакчысынын огунан каза тапканы жана учурда анын өздүгү аныкталып жатканы жазылды.
Жергиликтүү бийлик калкты окуя болгон жерге барбай турууга чакырды. Буга байланыштуу Техас Бейсин университети убактылуу жабылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз