Понедельник, 25 ноября

Ислам өнүктүрүү банкы 70 айылды таза суу менен камсыз кылат

0

Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңштин бюджет жана финансы комитети Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда долбоорду карап, жактырды. Ага ылайык Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстандын аймагындагы дээрлик 70ке чукул айылды таза суу менен камсыз кылууга ири суммадагы каражат бөлөөрү көрсөтүлгөн. Талас жана Баткен облустарына ичүүчү сууну жеткирүү үчүн аталган банк жеңилдетилген таризде 20 миллион, кыргыз тарап 10 миллион доллар берет.
Ошондой эле, тармактык комитетте экономика министри Санжар Муканбетов баяндама жасап, Ислам өнүктүрүү банкы “Адал эт паркы” долбоорунун негизинде 380 миң доллар өлчөмүндө грант берүүгө даяр экенин билдирди. Долбоорго Кыргызстан 50 миң АКШ долларын салат. Муканбетовдун айтымында, каражат долбоорду изилдөөгө жана логистикалык тармагына жумшалат. Мына ушундан кийин гана техникалык жагы эсептелип, ылайыктуу жер тилкеси тандалып алынат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз